9-ноябрда Бишкектеги №6 ҮМБда дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Дарыкананын ачылыш аземи Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Чинара Жаныкеева жана башкалардын катышуусунда өттү.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Өзүңүздөр көрүп тургандай, биз күн сайын 2-3 мамлекеттик аптеканы ачып жатабыз, ушул темп менен жыл аягына чейин бардык пландаштырылган 46 мамлекеттик дарыкананы ача алабыз. Келечекте дарыканалардын ассортиментин 800 фирмалык аталыштан 2 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элге эбегейсиз пайда алып келүүдө. Дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси. Арзандатылган баалар, чоң ассортимент жана мындай дарыканаларды кеңири жайылтуу менен жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык тейлөөнүн сапатын жана өлкөдөгү жалпы ден соолуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет».
№6 ҮМБнын директору Асел Тенизбаевна белгилегендей: «Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик дарыканаларды ачуу демилгеси коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болуп, активдүү өнүгүүсүн улантууда. Бул медициналык жардам калктын бардык катмары үчүн Бишкек шаарында да, аймактарда да жеткиликтүү жана ырааттуу болуп баратат дегенди билдирет. Биз мындай дарыканалардын ачылышы башталышы гана деп эсептейбиз, жарандарга керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн мындан ары жеңилдетүү жана биздин аймакта саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууну улантуу максатында биз дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүнү жана филиалдарыбызда мамлекеттик дарыканалардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз».
Эл Аман дарыканасы эң зарыл дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дарыларды өлкөдөгү жеке менчик дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алат дегенди билдирет. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.






















