Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бийлик криминалды жеңди

  • Аналитика, ТОП жаңылыктар
  • 06.10.2023 13:06

Loading

4-октябрда Бишкектин чок ортосунда, чак түштө “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Себеби коомчулук, карапайым эл, өзгөчө бизнесмендер менен ишкерлер кылмыш дүйнөсүнүн зомбулугунан тажап, жарыла турган абалга келип калган болчу.

Ал эми эки жыл мурда келген жаңы бийлик коррупция жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бул багытта көп иштерди жасап жаткан УКМК тарабынан күн сайын мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногон коррупционерлер менен кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдаланып пара алган сот, прокуратура, милиция жана башка чиновниктер кармалууда. Ошол эле учурда бизнесмендер менен ишкерлерди тоногон кылмыш дүйнөсүнүн бандиттери да колго түшүп, сот жоопкерчилигине тартылып жатат.

Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабы башталарын, ал аёосуз болорун айтып, кылмышкерлерге өз ыктыяры менен колго түшүп берүүнү же өлкөдөн чыгып кетүүнү эскерткен.

Тема боюнча

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн  УКТ мүчөсү кармалды

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн УКТ мүчөсү кармалды

14.07.2026

Эч кимге жашыруун эмес, чакан мамлекетибизде кандай гана жеке ишкер же бизнесмен болбосун, К. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун жер-жерлердеги жаналгыч-өкүлдөрү аларга “салык” салып, кирешесинин кайсы бир бөлүгүн тартып алып турган. Эгер алар “общактын” бул талабын аткарбаса же моюн толгосо, анда жок эле дегенде ошол бизнеси өрттөлүп жок кылынып же өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна зыян келтирилип турган.

Бирок соцтармактарда канчалаган мекендештерибизди сыздаткан, канын ичип, түбүнө жеткен бул кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын коргогон, ал тургай жан тартып, боору ооруган пикирлер да жазылууда. Мисалы, Фейсбук тармагына Муратбек Жетимишбаев деген белгилүү эле бир авабыз: Тааныбайм, жакшылык жамандыгын деле көргөн эмесмин! Кылган иштерин деле билбейм! Бирок, негедир ичим ачышып жатат!”,- дептир. Албетте, болгон окуяга кандай пикирин билдирет, ал ар кимдин өзүнүн эрки деңизчи. Бирок коомчулукка жол көрсөтүп, алдыга сүрөп, үлгү болот деген аксакалдарыбыздын мындай кайдыгер мамилеси таң калтырууда.

Деги К. Көлбаев өзү ким эле? Ал катардагы эле бир жаран же жок дегенде мамлекеттин акчасын жеп койгон коррупционер-чиновник эмес да. К. Көлбаев 1974-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы жана КМШдагы беделдүү, таасирдүү “мыйзамдагы ууру”. 2008-жылы Москвада таасирдүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышкан жыйында Вячеслав Иванков (Япончик) тарабынан “мыйзамдагы ууру” таажысы ыйгарылган.

2011-жылдын июнь айында АКШ аны расмий түрдө эл аралык баңгизат бизнесинин негизги фигурасы катары таанып, кара тизмеге киргизген. Анда эгер ким К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсү тууралуу маалымат берсе, 1 млн доллар сыйлык да убада кылынган. Ошол эле учурда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) да “кара тизмеге” киргизип, өз өлкөсүнүн аймагына кирүүсүнө тыюу салган. К. Көлбаевдин негизги бизнеси катары Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатын Россия, Европа жана башка өлкөлөргө “экспорттоодо” наркоканалдын түндүк агымын көзөмөлдөө эсептелет.

2018-жылдагы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун парламентте берген маалыматы боюнча, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 424 мүчөсү бар. Демек, ушунча кылмышкерлер чакан мамлекетибиздеги кызарган жердин баардыгын талап-тоноп келишет. Эгер УКМК менен ИИМдин күндөлүк маалыматтарына көңүл бурсак, күн сайын “К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды…”,- деген сүйлөм менен башталган маалыматтарды окуйбуз. Алар дээрлик баардыгы эле таман акы, маңдай тери менен тапкан акчасына машина алган же бизнес жасаган карапайым адамдардын акчасын, байлыгын тартып алгандар.

Башканы кой, К. Көлбаевдин кылмыштуу тобу өзүнүн кичи мекени болгон Ысык-Көл облусунда да “ишмердүүлүгүн” кеңири жүргүзүп, айрыкча туристтик сезон маалында эс Бостериге “смотрящий” болгон Макинтош кармалды.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаровду колго түшүрдү. Ал кримчөйрөдө Макинтош каймана аты менен белгилүү, өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Мурун Бостери айылынын “смотрящийи” аталган. Эми Макинтош Чолпон-Атадагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берем деп бирөөнүн 5000 долларын, унаасын тартып алып, бирок жерди Көлбаевге өткөрүп берип койгон деп кармалды.

Кылмышкерлер өз талаптарына баш ийбеген бизнесмендерди эч качан аяган эмес, ал тургай жырткычтык менен өлтүрүп коюуга чейин барган. Ошондуктан өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн бөөдө кыйгысы келбегендер кандай гана талап коюлбасын баш ийип, айткан суммасын берип турушкан. Бул сөзүбүзгө далил катары мындан бир нече жыл мурда Ысык-Көлдөгү жеке ишкердин пансионаты өрттөлгөндүгүн айтсак болот. Көрсө, андан мурда жергиликтүү “смотрящийлер” ага айына 500 АКШ долларын төлөп турууну сунуш кылышкан экен. Бирок ал баш тартып койгондон көп өтпөй, пансионатынан түн ортосунда өрт чыгып, заматта күлгө айланып калган.

Мындай мисалдарды келтире берсек толтура. К. Көлбаев түзгөн кылмыштуу топ өлкөбүздүн эң алыскы аймактарында базарда соода кылгандардан тартып, кен иштеткендерди, банктарды, ири соода дүкөндөрүнүн, кафе, ресторандардын ээлерин коркутуп, ай сайын “өз үлүшүн” алып турушкан. Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районуна чейин “өкүлдөрүн” дайындап, ал жердеги чакан базарда соода кылгандардан тартып, мал базарларга чейин “ставка” коюп койгон.

Дагы бир маалыматтар боюнча, жакында УКМК тарабынан мамлекетке ири суммада зыян келтиргендини аныкталган Сүлүктү шаарындагы “көмүр мафиясы” да аймактагы “смортящийи” аркылуу К. Көлбаевге “отметка” болуп турушкан.

К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсү ал тургай саясатка чейин аралашып, айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигин койгондор да андан “добро” ала башташкан. Демек, алар андан кийин мамлекетке эмес, өздөрүнүн “паханына” иштөөгө милдеттүү болуп калышкан. Ал тургай өлкөбүздөгү банктар, “Кумтөр” баш болгон алтын кендери да тапкан пайдасынын бир бөлүгүн К. Көлбаевдин “общагы” менен бөлүшүп турган. Чет элдик ишкерлер менен инвесторлор да кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын алдынан өтүп турушкан. Бул өз кезегинде өлкөбүзгө инвесторлордун келишине кедергисин тийгизип келген.

Социалдык тармактарда айрым адамдар 2021-жылы азыркы бийликтин К. Көлбаевдин колдоосу менен келгендиги тууралуу да айтышууда. Мындай пикирлердин негизи жок экендигин так кесе айтсак болот. Анткени ал кезде эл өзү эле ошол учурдагы бийликтин шайлоону ыплас ыкмага салып өткөргөндүгүнө нааразы болуп көтөрүлгөн жана С. Жапаров менен К. Ташиевдин кадыр-баркы жогору болуп тургандыктан. Аларды көпчүлүк колдоп кеткен.

Азыр эл арасында К. Көлбаев жок кылынгандан кийин эми эмне болот? Анын ордуна ким келет суроолор жаралууда. Бирок мындан ары Кыргызстанда эч кандай “мыйзамдагы ууру”, кылмыш дүйнөсү болбош керек. Биринчиден, эл кылмышкерлердин зомбулугуна тоюп бүттү. Экинчиден, бул көрүнүш өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркына да чоң кесепетин тийгизүүдө.

Жогоруда айтылгандай, УКМК жана анын төрагасы К. Ташиев кийинки кадамын К. Көлбаевдин кылмыштуу дүйнөсүнүн мүчөлөрүн толук кармап, мыйзамга ылайык жаза тартышы же тамырын биротоло кыркышы керек. Ошондо гана мамлекетибиз бул коомдук илдеттен кутулуп, чындап өнүгүү жолуна түшөт жана эл аралык аренада кадыры жогорулайт!

А. Белеков.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Камчы Көлбаевкримтөбөлкылмышуюшкан кылмыштуу топ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Окинавада америкалык аскер япон аялды өлтүрүүгө шектелүүдө: Япония АКШга нааразылык билдирди

Окинавада америкалык аскер япон аялды өлтүрүүгө шектелүүдө: Япония АКШга нааразылык билдирди

05.10.2026
Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн  УКТ мүчөсү кармалды

Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен өнөр жайларын көзөмөлдөгөн УКТ мүчөсү кармалды

14.07.2026
Түркмөнстанда бир киши алты баласын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган

Түркмөнстанда бир киши алты баласын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган

01.07.2026
Москвада кыргыз ишкерлеринен акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Москвада кыргыз ишкерлеринен акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

09.04.2026
Окуучунун бычакталышы: Тажикстан  Россияга нота жөнөттү

Окуучунун бычакталышы: Тажикстан  Россияга нота жөнөттү

18.12.2025
Акыйкатчы Ж. Жаманбаева: “Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт. Кылмыштын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”

Акыйкатчы Ж. Жаманбаева: “Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт. Кылмыштын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”

31.10.2025
Ак-Ордодо 2 адамды өлтүргөн шектүү качып кеткен учурда атып өлтүрүлдү

Ак-Ордодо 2 адамды өлтүргөн шектүү качып кеткен учурда атып өлтүрүлдү

14.10.2025
Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды (фото, видео)

Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды (фото, видео)

08.10.2025
Ак-Ордо-3төгү кандуу окуя: кылмышка  шектүү кармалды

Ак-Ордо-3төгү кандуу окуя: кылмышка  шектүү кармалды

08.10.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.