Би-Би-Синин кабарчысы Марк Лоуэн шаршемби күнү Стамбулда кармалгандан кийин Түркиядан депортацияланганын Британ телерадиоберүү корпорациясы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Лоуэн Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына байланыштуу өткөн аптадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларын чагылдыруу үчүн Түркияда бир нече күн болгон.
Ал эми журналист Марк Лоуэн өзү беш жыл жашаган өлкөдөн депортациялануу жана депортациялоо абдан оор болгонун айтты.
“Басма сөз эркиндиги жана калыс маалымат берүү – ар кандай демократиянын пайдубалы”, – деди Марк Лоуэн.
Бирок Түркия президентинин администрациясынын дезинформацияга каршы борбору Би-Би-Синин кабарчысын оппозициячыл Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы “демонстрацияларды чагылдырганы үчүн республикадан чыгарылды” деген маалыматын четке какты.
“Би-Би-Синин кабарчысы Марк Лоуэнди өлкөдөн чыгаруу анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген дооматтар жана анын нааразылык акцияларын чагылдыруусу жалган маалымат”, – деп айтылат администрациянын дезинформацияга каршы борборунун билдирүүсүндө.
Борбор белгилегендей, Лоуэн Стамбулга журналисттик миссия менен келген, бирок жергиликтүү мыйзамдардын талабына ылайык, байланыш бөлүмүнө кабарчы катары аккредитациядан өтүү үчүн арыз берген эмес.
Түркияда иштеген чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн аккредитациясынын жоктугунан улам “британиялык журналистке административдик чаралар көрүлдү” деп айтылат текстте.
Эскерте кетсек, 19-марттан бери Түркиянын көпчүлүк аймактарында оппозициянын Имамоглуну колдогон митингдери жана демонстрациялары өтүп жатат. Көп учурда нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар менен аяктоодо.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, демонстранттардын 1800дөн ашууну кармалып, 260ы камакка алынган.
Коррупция боюнча айыпталып абакта жаткан Имамоглу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы катары каралууда.
Буга чейин Имамоглу анын партиясы тарабынан 2028-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн.
Ал эми митингчилер Имамоглунун камалышын саясий буйрутма деп айтышса, Түркиянын Адилет министрлиги түрк соттору көз карандысыз деп ырастоодо.
Президент Эрдоган демонстрацияга чыккандарга эскертүү берип, оппозицияны “тынчтыкты бузуп жатат” деп айыптады.
Башка маалымат каражаттарынын акыркы билдирүүлөрүнө ылайык, Түркияда түнкү демонстрациялар аяктады, бирок өлкөнүн башкы оппозициялык партиясы – Республикалык элдик партия ишемби күнү Стамбулда чоң митинг өткөрүүнү пландоодо.


















