Дүйнөгө белгилүү “Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унааларды айдап, дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу Кыргызстанга келди.
Алар MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрөт.
MadWay Rally эл аралык долбоору 24-июндан 1-июлга чейин Тянь-Шань тоолорунда 20дан ашык жеңил унаалар, мотоциклдер жана багилер 2500 чакырымдан ашык маршрутту басып өтүшөт.
Ралли Чолпон-Ата шаарында аяктап, 1-июлда ат ипподромунда MadWay Fest музыкалык фестивалы менен коштолот.
Discussion about this post