Кыргызстанда октябрь айынын акыркы жумаларында күйүүчү майдын баасы кескин жогорулап, АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 75 сом 40 тыйынга жетти. Муну менен катар күйүүчү майдын кору аз калганы белгилүү болуп, атайын жайлар унааларга бензинди чектөө менен куйуп жатканы айтылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, бул баа дагы 15 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Анткени Россиянын ички рыногунда күйүүчү май тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга чектелүү көлөмдө жеткирилип жатат. Буга байланыштуу бензиндин кору бир айга гана жетиши мүмкүн.
Бул жагдай боюнча эксперт Каныбек Шакировго “Кыргызстан күйүүчү майларга болгон кризисти чечүү үчүн Россиядан башка мамлекеттер менен келишим түзсө болобу?”,- деген суроо менен кайрылдык.
“Биринчиден, бензин же дизелдик майларды башка өлкөлөрдөн ала турган болсок, бизге өтө кымбатка түшүп калат. Экинчиден, Россия бизге эң төмөн баада берет жана туруктуулук бар. Бул убактылуу кыйынчылыктарга бираз чыдаганыбыз дурус”-, деди эксперт.
Каныбек Шакировдун айтуусуна караганда, бул маселе жакынкы аралыкта чечилет. Анткени буга Россия өзү кызыкдар.
“Бензиндин баасынын кескин жогорулашы базар баасына да таасирин тийгизиши мүмкүнбү?”,- деген сурообузга эксперт, экономист Кайрат Итибаев төмөнкүдөй жооп берди.
“Күйүүчү майдын, айрыкча бензиндин баасынын кымбатташы түздөн-түз жалпы кымбаттоого алып келет. Бул товарлардын жана кызматтардын баасынын жогорулашына таасири бар. Анткени логистикалык жана ташып келүү кызматтарынын баары күйүүчү майга байланган. Мындан тышкары, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Бул эл тапкан кирешесин азык-түлүк, кийим-кечектерден тышкары нерселерге сарптабоо аргасыздыгына алып келет.
Дагы бир белгилеп кете турган нерсе, макроэкономикада дагы ушундай кубулуш бар. Мында сатып алуу кандай азайса, тагыраагы акчанын айлануусу жайласа, анда инфляцияга алып келип, крисизке алып баруу ыктымалдуулугу бар. Бул теорияда да, тажрыйбада дагын тастыкталган”,- деди Кайрат Итибаев.
Анын билдиргенине караганда, бул баалардын өсүшү Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө да болуп жатат.
“Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнүн ичинен биз күйүүчү майларды артыкчылык менен 0 бажы салыгы менен алабыз. Мында үстөк бажы төлөмү жок. Эксперттердин айтуусунда, күйүүчү майдын 90 пайызы Россия федерациясынан импорттолот. Ошондуктан бизде көз карандылык бар.
Эгер альтернативдүү булактарды карап импорттоого инвентаризация кыла турган болсок, Казакстан, Өзбекстан жана Азербейжан болушу мүмкүн. Бирок булардын ичинен Казакстанды ала турган болсок, ал жакта квота, чектөөлөр бар. Бул өлкө өзүнүн ички рыногун камсыздап, өздөрүнө артыкчылык берет. Ошондуктан Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстанда бензиндин баасы эки эсе арзан.
Мындан тышкары, Түркмөнстан, Азербайжан жана Өзбекстан менен макулдашуу жолдору менен келишим түзүп, бирок жол чыгымын кошуп эсептей турган болсок, Россиядан ташылып келгенге караганда да жогору болуп калышы ыктымал.
Ошондуктан муну карап чыгып, каржы моделин түзүш керек. Бул жерде май сатуучу түйүндөр “Газпромго” байланыштуу болгондуктан, алардын инфратүзүмүнүн мамилеси, кепилдиктерин эске алынышы керек. Ошон үчүн бул жерде бир тараптуу чечүү же кароо оңой эмес”,- деген пикирин билдирди эксперт.
Кайрат Итибаевдин айтуусунда, кыргыз өкмөтү энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн башка булактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантышы керек.
Бензин кымбаттагандан бери коомдук унаалардын жагдайы кандай жана мунун жол киреге таасири канчалык деген максатта Бишкектеги 10-каттамдагы автобустун айдоочусуна да суроо узаттык.
“Күйүүчү майлардын баасы кескин жогорулады. Буга чейин 1800 сомго 30 литр куйуп жүргөн болсом, азыр 24 литр алып жатам. Бул мурдагыга караганда 6 литрге аз”, – деди атын атагысы келбеген айдоочу.
Анын айтымына караганда, бензиндин кымабатташы азырынча элдин жол кире акысына таасирин тийгизген жок. Жол акылар мурдагы тариф менен эле жүргүзүлүп жатат.
Эскерте кетек, буга чейин, өлкөгө мунай продуктуларын жеткирүүдөгү кырдаал боюнча Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Кабар” маалымат агенттигине кырдаал боюнча маалымат берген.
Ал тастыктагандай, учурда өлкөгө бензин жана дизелдик отун азыраак көлөмдө келип жатат.
“Күйүүчү жана майлоочу майлар рыногундагы кырдаал күтүлбөгөндөй бир аз татаалыраак болуп жатат. Себеби акыркы эки айда россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдор бизге жөнөтүүнү азайтышкан.
Биздин бир катар негизги жеткирүүчүлөрдүн нефтини кайра иштетүүчү заводдору пландуу да, авариялык да оңдоодон өтүүдө. Натыйжада нефтетрейдерлердин кору бир айга чейин азайды. Ошондуктан бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өкмөттөн жардам сурадык”,- деген Канатбек Эшатов.
Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча министрлер кабинети менен нефтетрейдерлер тыгыз иш алып барып жатат.
“Бул маселеге байланыштуу бир нече жыйындар өттү. Бензин менен дизелдик майдын таңкыстыгын жана кескин кымбатташын болтурбоо үчүн ар кандай жолдор каралууда”, – деди ал.
Кошумчалай кетсек, Кыргыстан атайын келишимдин негизинде күйүүчү майдын 99%ын Россиядан алат. Бирок учурда Россиянын өзүнүн айрым аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги катталууда.
Бул россиялык мунай иштетүүчү заводдордо пландуу техникалык тейлөө иштерине, ошондой эле мунайды иштетүүчү заводдордо кырсыктарга алып келген дрондордун чабуулдарына байланыштуу. Октябрь айынын башына чейин өлкөдө мунай иштетүүчү кубаттуулугунун 38%ы иштебей калган.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















