Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери дем алыш күндөрү Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылууга байланыштуу Ирандын президентина жана элине көңүл айтышты.
Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портундагы жарылуу 26-апрелде болгон. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 40 кишиге жетип, 1241 адам жаракат алганын Хормозган провинциясынын губернатору Мохаммад Ашури билдиргенин IRIB телеканалы маалымдады. Порт жайгашкан Хормозган провинциясында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Жарылуу химиялык заттар контейнерде туура эмес сакталгандан улам чыкканы айтылуу, бирок так себеби азырынча белгисиз. Буга чейин күйүүчү май сакталган резервуарда өрт чыгып, андан улам жарылуу болгону да айтылган.
Шахид-Ражаи – Ирандагы эң ири соода порту. Ал Ормуз кысыгынын жанында жайгашкан. Бул жер Ирандын эң чоң контейнердик түйүнү катары өлкөнүн суу аркылуу ташылчу жүктөрдүн болжол менен 90%ын тейлейт. Анын аянты 2400 гектарга жакын. Дал ушул транспорттук түйүн “Түндүк-Түштүк” экономикалык долбоорунда маанилүү роль ойнойт.
Түркмөнстан
Биринчилерден болуп Иран жетекчилигине көңүл айтуу сөздөрүн түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик Маслахатиянын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов билдирди. Ал Ирандын президенти Масуд Пезешкянга жеке телефон чалган.
Анда Бердымухамедов жеке өзүнүн жана президент Сердар Бердымухамедовдун атынан коңшу мамлекеттин башчысына Бандар-Аббас портундагы жарылууга байланыштуу Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо сөздөрүн билдирди.
Түркмөн элинин улуттук лидери Түркмөнстан Ирандын жакын коңшусу катары жарылуудан жабыркаган адамдарга медициналык жана башка бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Ислам Республикасынын президенти ыраазычылык билдирип, түркмөн элинин улуттук лидери мындай оор учурда колдоо көрсөтүү сунушун биринчилерден болуп айтканын баса белгиледи.
Казакстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да бул кырсыкка биринчилерден болуп реакция жасады.
Токаев Ирандын президенти Масуд Пезешкянга көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаганын Акорданын билдирүүсүндө айтылат.
Тажикстан
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Масуд Пезешкянга колдоо сөздөрүн билдирди.
“Бандар-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи портунда көптөгөн адамдардын курмандыгына жана жаракат алуусуна алып келген күчтүү жарылуу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор саатта Иран мамлекетине жана дос элине чын жүрөктөн көңүл айтам. Жараткандан маркумдарга ырайым кылуусун суранам. Жабыркагандардын бардыгына толук сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат маалыматта.
Өзбекстан
Иранга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да көңүл айтты. Ал өз телеграммасында Масуд Пезешкианга жана каза болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, колдоосун билдирип, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Кыргызстан
Кыргызстандын президент Садыр Жапаров да Ирандагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

















