Израилдин Тель-Авив шаарындагы Бен-Гурион эл аралык аэропортунда учуулар убактылуу токтотулду. Буга Йеменден «Ансаруллах» кыймылы (хуситтер) аткан ракета себеп болду. Израилдин 12-каналы билдиргендей, аба чабуулуна каршы сиреналар жаңыргандан кийин, коопсуздук чараларынын алкагында бардык учуулар жана конуулар токтотулган.
Хуситтер Израилге карай ракеталык чабуул жасаганын жарыялашты. Аларды өкүлү Яхья Сариа Бен-Гурион аэропортуна «Зульфикар» аттуу баллистикалык ракета менен сокку урулганын билдирип, операция ийгиликтүү болгонун жана аэропорт ишин токтотконун айтты.
Ошондой эле Тель-Авив жана Хайфа шаарларындагы эки башка объектке «Яффо» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалганы маалымдалды.
Израиль армиясы акыркы 24 саат ичинде Йеменден учурулган эки баллистикалык ракеталык чабуулду токтотконун билдирип, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде аба коопсуздугу боюнча эскертүүлөр берилгенин кошумчалашты.
Хуситтер буга чейин Бен-Гурион аэропорту кооптуу экенин эскертип, авиакомпанияларга бул багытты колдонуудан алыс болууну сунушташкан. Эл аралык авиакомпаниялар Израилге каттамдарын токтотуп жатышат.
АКШ март айында Йеменге каршы аскердик операция баштаган. 6-майда Оман тышкы иштер министри АКШ менен хуситтердин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн, ал Кызыл деңиздеги жана Баб-эль-Мандеб кысыгындагы чабуулдарды токтотууга багытталганын жарыялады.



















