Жакында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өкмөт Кыргызстанда чогултулган “Белес” автобусун эмнеге сатып албай жаткандыгы тууралуу түшүндүрмөсүн өзүнүн социалдык тармактагы /Фейсбук/Х) баракчасы аркылуу жарыялаган болчу.
Анда ал “автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн 1 автобус чогултуп алып, “меникин алгыла”-дей берсе болобу?” деп суроо салган.
Мамлекеттик кызматкердин бул бирдирүүсү коомчулуктун талкуусун ого бетер күчөтүп, аны колдогондор менен бирге сын айткандар дагы болду.
Д. Орунбековдун “Белес”компаниясы тууралуу кайрылуусунан кийин, жагдайдын чын-төгүнүн билүү үчүн аталган ата мекендик өндүрүшчү компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Мирбек Аскалиевге бир катар суроолор менен кайрылдык.
– Мирбек мырза, Дайыр Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “автобус тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес, кол менен чогултулган жана стандарттарга жооп бербейт” деген билдирүүсүн калтырды. Буга кандай дейсиз?
– Биз “Белес” деген аталыштагы Кыргызстандагы жалгыз автобус өндүрүүчү сертификаты бар, мыйзамдаштырылган компаниябыз. Өзүбүздүн бренд бар. Дайыр мырзага жардамчылары мындан 4 жыл мурдагы маалыматты жүйө катары келтирип жатса керек. Азыр “Белестин” колунда Казакстан менен түзүлгөн контракттын негизинде 26-июлга чейин 5 даана заманбап автобусту жасап бериши керек болгон келишим бар. “Белес” DAF компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү. Ал эми DAF Trucks NL бир жылда 50 000 даана оор жүк ташычуу унаа чыгарган Европада топ-5 заводдордун катарына кирет. “Белес” 2022-жылы жогорудагы DAFтын мотору немис технологиялык ZF Friedrichshafen AG (Зеппелин фондуна таандык) компаниянын мост коробкасын колдонуп, алгачкы автобусту 15-февраль 2022-жылы элге тартуулап, 29-апрель 2022-жылы Беларусиядан сыноодон өтүп, сертификат алган. Белгилүү DAF Trucks NL менен ZF Friedrichshafen AG компаниялары баары менен эле иштеше бербесе керек…

Экинчиси, Д. Орунбековдун айтып жатканы бир эле Кыргызстандын аудиториясына эмес, башка өлкөлөргө дагы чыгат. Анткени ал президенттин басма сөз кызматынын башчысы, расмий мамлекеттик кызматкер. Анын бул билдирүүсү биздин репутатцияга карата өтө одоно билдирүү. Же башкачараак айтса болмок. Себеби президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган негизги стратегиялык максат – Кыргызстанды 2035-жылга чейин экономикалык жактан өнүккөн, туруктуу жана тышкы карыздан кутулган мамлекетке айландыруу. Бул максат өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү программаларынын логикалык уландысы катары каралып жатканда, өндүрүшү жок өлкөнү элестетүү мүмкүнбү?
Мындан тышкары, анын жазгандарын окуган биз менен келишим түзгөн казак туугандар эмне дейт? Компаниянын ар бир аракетин карап “Белести” ичинен билген ишкерлер кандай жыйынтыкка келиши мүмкүн?
“Ар ким эле үйүнөн автобус жасап келип меникин ал дей бергени болмок беле” деп кандай максатта жазды, билбейм… Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 35 жыл болду. Убагында улуу держава СССРдин курамында эле. Союздун таркашы менен завод-фабрикалар талкаланып, бири дагы калган эмес. Биз талкаланган заводдордун жок болуп кеткендигине карабай автобус курап, колубуздан келишинче аракеттенип, жоктон барды жасап, жаратмандык кылып жатабыз. Эмнеси жаман?

- Сиздер буга чейин президентке, өкмөткө кайрылып келдиңиздер. Жыйынтык барбы?
– Компания Кытай, Европа өлкөлөрү менен кызматташып жаткандыгына карабай, атамекендик өндүрүшчү катары колдоо таппай келет. 2022-жылы февраль айында Кара-Балтадан презентациясын кылганбыз. Ага президент Садыр Жапаров өзү катышып, автобусту айдап көргөн. Автобус DAF компаниясынын 1 млн. км. жүргөнгө ылайыкташкан моторлуу, жогорку сапаттагы тетиктер менен кураштырылган. Мамлекет башчы 10 даана автобус алабыз деген. Мындан көп өтпөй ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров келип, “цех талапка жооп бербейт” деди. Ага буйуртмалар түшкөндөн кийин цехти керектүү жабдыктар менен толуктай тургандыгыбызды билдирдик. Бир ай аралында Бюджеттик насыяларды берүү кызматы чакырып, 50, 60 миң долларга электроавтобус жасап бергиле деди. Электроавтобустун батареясы чынында эле төрт жарым тонна, баасы 150 миң доллардын тегереги турат. Буга салыштырмалуу бизге сунушталган баага жасалышы мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, “Белести” “Кыргызиндустрия” ААК холдингинин карамагына толук өткөрүп берүү жана биргеликте автобустарды жасап чыгуу сунушу түштү. Буга биз макул болгон жокпуз. Себеби Европа, Америкадагы жеке компаниялар мамлекетик компаниялар менен иштешуугө көп кызыкдар эмес. Ошентип расмий жактар менен иштеше албай койдук.
– Кытайдан алынып келинген автобустарга караганда кымбат экен сөздөр айтылып жатты го…
– Ооба, Бишкек шаардык мэриясы жана Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти тарабынан Кытайдан келген автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат деген сөздөр айтылып жатты. Бирок “эмне үчүн кымбат?” деп себебин сураган тарап болбоду. Кымбаттыгынын себеби, тетиктери европалык стандарттар менен жасалган жана көп жылдык мөөнөттүү кепилдиги бар.
Эсиңизде болсо керек, 2019-жылдын апрель айында Бишкек шаарына Кытайдан (YUTONG компаниясынан) алынып келинген 60 жаңы автобустардын биринчи партиясы шаар тургундарына көрсөтүлгөн. Ага ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышкан. Тилекке каршы, ал автобустар эки-үч жылда көпчүлүгү жараксыз абалга келген. Бирок ал автобустардын 10 жылдан, 20 жылга чейинки алынган кредити кала берген. Алар иштеп, өзүнүн чыгымын жабыш керек эле. Ошондуктан автобустун баасына эмес, сапатына көңүл бурулуш керек. “Белестин” автобустары 1 миллион км. жүрүп берет. Бул деген сөз Бишкектин ичинде 25 жыл жүргөнгө барабар. Автобус өзүн акташ үчүн кеминде 10 жыл жүрүш керек. Эгер 5 жыл сайын автобус алмаша берсе бул – банкрот деген сөз.
Ошондуктан биз кепилдигин бир жарым жылга берип, баасын 168 миң евро дегенбиз. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Ошондо кыргыз өкмөтү Кытай сунуштаган баадан эки эсе жогору деп айтышты.
Кызыгы, бир жылдан кийин өкмөт тарабынан Германиянын гранттык каражатынын эсебинен (жалпы суммасы 5,4 млн евро) сапаты жагынан “Белес” менен бирдей Түркияда өндүрүлгөн Isuzu 17 даана автобустары алынды. Алардын баасы 317 миң еврону түздү. “Белес” компаниясы 168 миң еврого сунуштаган. Айырмачылык 149 миң еврого кымбат. Муну эмне үчүн айтышпайт?
Ошондуктан айтып жатам, Дайыр мырза мындан 4 жыл мурунку маалыматты айтты.
Биз 2026- жылдын 6-апрелинен тартып негизи эле эки вариантты сунуштап келе жатабыз. Муну Бишкек мэриясы дагы жокко чыгыра албайт. Биринчи вариант 96 320 миң доллар кытайлык комплектери менен жасалат, экинчиси сапаттуу евростандарттагы комплект менен 120 миң 475 миң доллар деп сунуштаганбыз.
Тилекке каршы, биздин бир ай мурун сунуштаган баабызды эмес, 4 жыл мурунку башкалардан 1,5 эсе кымбат деп такталбаган маалымат таркатканы өкүндүрөт.
– Президентке маалыматтар бурмаланып жетеби же кайсы бир тараптын кызыкчылыгы барбы?
– Маалыматтар негизи эле бурмаланып жатат деп ойлойм. Жыл башында “Президент” деген документалдуу фильм чыгып, Садыр Жапаров “мен мурда министрликтерге жана ведомстволорго тапшырма бергенимде 14 күндө келчү. Санариптик система киргенден кийин кыска аралыкта ишке ашып баштады”,- деп айтты.
Азыр кытайлар автобустарын 113 миң долларга сунуштаптыр, “Белес” 96 миң долларга сунуштады. Бул жерде “Белестин” сунуштаган автобусу, Кытайдын автобусуна караганда арзан болуп жатпайбы?! Дайыр мырзага да бул маалымат жетсе, 4 жыл мурунку эмес, жаңы маалыматты жарыяласа керек эле…
Президентте жеке кызыкчылык болбош керек. Ошондуктан өндүрүшчүлөрдүн өндүрүшүнө кызыкдар болуп, бюджеттен 3 миллиард сом бөлүп берди. Мындай колдоо бир дагы президенттин тушунда болгон эмес! Башка тааныш өндүрүүчүлөрдүн айтымында, 5 жылга 6 %дык чен менен алдык дешет.
– Жеңилдетилген кредиттен алганыңыздарда сиздер канча даана автобус чыгармак элеңиздер?
– Бизде экспортко Казакстан менен түзүлгөн келишимде 5 автобуска контракт, мындан тышкары 50 автобуска мемарандумубуз бар. Биз коммерциялык банктарга барсак, мисалы 1 миллон доллар ала турган болсоң, 3 миллион долларлык күрөө коюп бериш керек болуп, бул биздин шартка туура келбеди. Эгер жеңилдетилген кредиттен 100 миллион алып калганыбызда Казакстан менен иштешип, андан сырткары өзүбүзгө 5 автобусту жасап, Бишкек мэриясына, андан тышкары Ош шаарына 5 автобус жасап берип, өзүбүздөн чыккан өндүрүштү элдин сынына коймокбуз.
Бул келечектеги өндүрүшчүлөрдүн ишенимине дагы жакшы болмок. Тилекке каршы, маселе акчага байланып калды. Кыргыз өкмөтү тарабынан колдоо таба алган жокпуз.
Учурда Бишкек мэриясы 625 автобус алуу боюнча тендер жарыялады. Ага катышарыбызды билдирип, 96 миң долларлык арзан комплект жана 120 миң доллар менен 475 бул сапаттуу комплект менен сунуштап, расмий кат жолдодук.
Буюрса, бир эле автобустарды чыгарып эле тим болбостон, чыгарган автобустарыбызды оңдоп-түзөөгө шарты бар ( сервис пакет) жайларды да куралы деген планыбыз бар. Анткени биздин өзүбүздө завод бар, жасап берип эле калбастан, автобустун тетиктери өзүбүздүн заводдо болгон үчүн дайым көзөмөлдөп турабыз, буга адистер жетиштүү.
– Зоотолгон техника дагы чыгарабыз деп жаттыңыздар эле, бул ишиңиздер кандай болду?
– Биз деле ойлогонбуз президент кредит бөлүп берсе, зооттолгон калкандуу техниканы жасап, ШКУнун алдынан чыгарсакпы деп балдар менен сүйлөшкөнбүз. Төрт айда күнү-түнү иштесек, жасап чыгарат элек. Буга жогоруда белгилегенимдей, акча каражаты тартыш болуп жатат.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева
















