Улуу Британия, Франция жана Канада Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу Израилге каршы чара көрүүнү карап жатышат.
Улуу Британия, Франция жана Канада Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) Газа секторундагы операциясын кеңейтүүсүн сынга алып, Израилге карата санкция киргизиши мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу маалымат Улуу Британия өкмөтүнүн сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
«Нетаньяхунун [Премьер-министр Биньямин] өкмөтү бул жосунсуз аракеттерди уланта берсе, биз четте карап тура бербейбиз. Эгер Израиль аскердик чабуулун токтотпой, гуманитардык жардамга болгон чектөөлөрдү жойбосо, биз тиешелүү конкреттүү чараларды көрөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.
Лондон, Париж жана Оттава Нетаньяхунун Газа секторуна чектелген көлөмдө азык-түлүк киргизүүгө уруксат берүү чечимин «такыр жетишсиз» деп атап, бул аймактагы адамдар тарткан азаптын чыдагыс экенин белгилешти.
Ошондой эле алар Израил Батыш жээгинде мыйзамсыз конуштарды курууну токтотушу керек экенин баса белгилешти.
«Биз эч тартынбастан кошумча чараларды, анын ичинде багытталган санкцияларды кабыл алабыз», — деп жыйынтыкташты Улуу Британия, Франция жана Канада.
Буга чейин Израиль армиясы (ЦАХАЛ) «Гидеондун арабалары» операциясынын алкагында Газа секторунда кеңири масштабдуу кургактагы аскердик аракеттерин баштаганын жарыялаган. Аскердик аракеттердин максаты – жарандарды коргоо деп айтылган.

















