Франциянын президенти Эммануэль Макрон Батыш лидерлери Украинага аскер жиберүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын, бирок азырынча консенсуска келе электигин билдирди. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.
“Бүгүн баары эркин жана түз түрдө талкууланды. Бүгүнкү күндө кургактагы аскерлерди расмий түрдө жөнөтүү боюнча консенсус жок. Бирок кырдаалдын өнүгүшүндө эч нерсени жокко чыгарууга болбойт. Россия бул согушта жеңишке жетпеши үчүн баарын жасайбыз. Биздин максатка жетүү үчүн пайдалуу болсо, баары мүмкүн”, – деди ал Парижде Украинаны колдоо боюнча жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.
Франциянын башчысы ошондой эле Евробиримдик Украинаны орто жана алыскы аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоо боюнча коалиция түзүүгө макул болгонун белгиледи.
Макрондун демилгеси менен чогулган Париждеги конференцияга Германиянын канцлери Олаф Шольц, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Польшанын президенти Анджей Дуда, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Голландиянын премьер-министри Марк Рютте баш болгон 20га жакын Европа өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. АКШнын атынан мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Жеймс О’Брайен болду.
Елисей сарайы мурда кабарлагандай, жолугушуунун максаты “Россияга Батыштын Украинага колдоосу токтобой турганын көрсөтүү”.
Россия Украинада атайын аскердик операция баштагандан бери Батыш Киевге каржылык жана аскердик жардам берип келатат.
Буга чейин 26-февралда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо НАТОнун жана Евробиримдиктин (ЕБ) аскер күчтөрүнүн Украинага жөнөтүү жаңжалдын курчушуна алып келерин билдирген. Ошол эле күнү Польшанын президенти Анджей Дуда НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага аскер жөнөтүү боюнча орток пикирге келе албай жатышканын айткан.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев 2-февралда альянска кирген мамлекеттердин аскер кызматкерлери Украинага жайгаштырылса, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бута болоорун билдирген.



















