Мурдатан эле Борбор Азияны “жарылуу коркунучу чоң аймак” катары санап келишкен. Аймактагы өлкөлөр эки ири геосаясий оюнчу – Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан. Ошондуктан, дээрлик жыл сайын АКШ жана анын союздаштары бул режимдерди жок кылууга аракет кылышат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, революция жасоо керек дешет. Башкарыла турган баш аламандыкты себүү аракетин көрүп келишет.
Бул, мисалы, Кыргызстанда көп жолу болгон. 2005-жылкы “жоогазын революциясына” АКШ 35 миллион доллар бөлгөн. Революцияны каржылык жактан колдогон уюмдардын арасында:
• Улуттук демократиялык институт NDI
• Эл аралык Республикалык Институт IRI
• Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги USAID болгон.
NDI 2004-жылы эле нааразылык потенциалын күчөтүүгө 12 миллион доллар сарптаган. Каржылык колдоолордон сырткары, АКШдан окуп, билим алып келгендер да бар эле. Ошол лидерлердин бири 2005-2010-жылдары Кыргызстандын президенттик кызматта турган Курманбек Бакиев болгон.
“АКШ революциялык процессти башынан аягына чейин коштоп жүрдү: төңкөрүштүн алдында Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү активисттер менен атайын брифингдерди өткөрүштү, бул демонстранттардын макулдашылган иш-аракеттерине мүмкүнчүлүк түздү”, – дейт орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Никита Мендкович.
Чындыгында 2005-жылдагы революция Кыргызстанды кризиске алып келди, ал кризистен азыр да чыга албай жатат. Бирок, өлкөнү туруксуздаштыруу аракеттери уланууда. Ошентип, 2023-жылдын сентябрынын башында өлкөгө Boeing C-17 аскердик-транспорттук учагы учуп келген.
Ошол кездеги жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, өлкөгө акча келип түшкөн. Андан сырткары, 2019-жылдын ноябрь айында республикага бортунда 60 миллион доллары бар учак учуп келген. 2020-жылдын октябрында Кыргызстанда кайрадан мамлекеттик төңкөрүш болду.
Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда эле эмес, башка Борбор Азия республикаларында да ушундай жол менен иш алып барат. Мисалы, 2022-жылы Казакстанда “Кантар 2022” окуясы өткөн. Анда 2-январдан 6-январга чейин өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүп, Казакстан жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кете жаздады. Анан тарыхта биринчи жолу Казакстан Республикасынын Президенти ЖККУдан жардам суроого аргасыз болгон. Негизи Казакстандын президенти Орусиядан жана анын союздаштарынан жардам сураган.
“Бүгүн мен ЖККУнун мамлекет башчыларына бул террордук коркунучту жеңүүдө Казакстанга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген нерсе. Эң негизгиси бул биздин жарандарга кол салуу болуп саналат, алар мамлекет башчысы катары менден тез арада жардам берүүнү суранып жатышат”, – деп Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев билдиргенин “Хабар-24″ билдирген.
Казак төңкөрүшүнөн бир аз мурда, АКШнын ошол кездеги вице-президент Жозеф Байден: «Орусиянын коңшуларындагы демократиялык трансформация Москванын клептократиялык жана авторитардык режимине каршы күчтүү үлгү болот жана узак мөөнөттүү келечекте анын өкүлдөрүн мыйзамдан ажыратат»,-деп жазган.
2021-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти “казак чиновниктери жана жалпы коомчулук алдында өз кызыкчылыктарын коргой ала турган жарандык коом уюмдарынын күчтүү, көп түрдүү жана туруктуу коалициясын курууга” 750 миң доллар бөлгөн.
2020-21-жылдары республикада гранттык программаларга жалпысынан 9 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Грант алгандардын арасында 2022-жылдын январындагы баш аламандыктын активдүү катышуучулары да бар.
Уральск аянтында сүйлөгөн журналист Лукпян Ахмедьяров 2020-жылы NEDден 90 миң доллардан ашык акча алган. Ошондой эле, NED аркылуу Политон бейөкмөт уюму жана Адам укуктары боюнча Казакстан бюросу 100 миң доллар алган. Бул уюмдардын баары тигил же бул жол менен Казакстандын азыркы бийлигине каршы чыгышкан.
Мисалы, ошол эле Ахмедьяров нааразылык акцияларына активдүү катышкан. Азыр ал Казакстанда жашап, Украинага тынбай каттап турат. Ал өзүнүн отчетторун Америка Кошмо Штаттарынан ээлерине пайдалуу тараптан берип жатканы анык.
Америкалыктар Казакстанда жарандык сектордун иши үчүн абдан жакшы төлөп жатканын белгилей кетүү керек. Ошондуктан Казакстан Республикасында өкмөттүк эмес уюмдардын кызматтарынын рыногу өстү. Жада калса парламенттин депутаттары да бул тарапка өтүп алышкан. 2023-жылы республикада мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынган, ага ылайык, бейөкмөт уюмду түзүү үчүн 3 гана адам керек.
Алсак, 2023-жылы бейөкмөт уюмдардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 8,6% көбөйгөн. Бул – 2023-жылдын апрелине карата Казакстанда катталган жана иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын саны 18 204 болгонуна карабастан, алардын ичинен 5 017 бейөкмөт уюмдар Алматыда гана иштейт, ал эми: Астанада – 3554, Шымкентте – 1512, Караганды облусунда – 1237 жана Кызылорда облусунда 1217 ӨЭУ бар.
Мындан өзүнөн өзү эле корутунду чыгып калат. Мунун баары Украинада бир эле принцип менен башталган. Ошол эле NED 3 жылда (2011-жылдан 2014-жылга чейин) дээрлик 14 миллион доллар инвестициялаганы белгилүү.
2011-жылы NED аркылуу украиналык бейөкмөт уюмдарга 2,9 млн доллар бөлүнсө, 2012-жылы – 3,3 млн, 2013-жылы – 2,8 млн, 2014-жылы – 4,5 млн доллар бөлүнгөн. Анын 2,1 миллион доллары Украинадагы президенттик шайлоого жана 2014-жылы май айында жана ошол эле жылдын октябрында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого берген.
Бул каражаттар жаштарды активдештирүүгө, медианы көзөмөлдөөгө жана “шайлоодо объективдүү, тең салмактуу саясий отчеттуулук” кылууга жумшалды. Жалпысынан 2011-жылы 57, 2012-жылы 66, 2013-жылы 56, 2014-жылы 87 грант бөлүнгөн.
АКШнын аймакка жакшылык кылуу үчүн акча берип жатат дегенге ишенүү өтө күмөндүү. Борбор Азия Украинанын жолу менен баратат. Америкалыктар үчүн эң негизгиси Борбор Азия менен Орусиянын мамилесин бузуу. Алар муну ачык эле айтып келатышат:
“Биз, Борбордук Азияны Россиянын экономикасынан ажыратуунун артыкчылыктарын көрүп турабыз. Бул биздин максатыбыз болушу керек”, – деген АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) директорунун орун басары Анджали Каур.
Эгер америкалыктар аймакты “бөлүп” алса, анда ал экинчи Украинага же Ооганстанга оңой эле айланып кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Эки вариант тең геосаясат жана бүткүл аймактын көз карашынан алганда кейиштүү бүтүшү мүмкүн. Орусия бул вариантты каалабайт. Ошондуктан АКШ Борбор Азияда ага активдүү каршы чыгуу аракетин көрүүдө.
Автор: Полина Беккер



















