Баткен мамлекеттик университетинен жана анын түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда студенттер сабакка барбаган, кабыл алуу эрежелери бузулган жана документтери талаптарга туура келбеген фактылар катталган. Ал студенттер университеттин башкы түзүмдөрүндө жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларындагы филиалдарында окуп келишкен.
Буга чейин Ош шаарындага 5 ЖОЖдон сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылган.
Акыркы айларда Атайын кызмат жогорку окуу жайларда жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча миңдеген студенттер окуудан чыгарылды. Расмий маалыматка ылайык, бир эле Каракол шаарындагы университеттерден 941 студент, Бишкектеги Борис Ельцин атындагы КРСУдан 12 студент, ал эми Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттен 3 миңге жакын студент окуудан чыгарылган. Бул учурлардын көбүндө кылмыш иштери козголуп, мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, Нарын мамлекеттик университети менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде дагы ондогон студенттерге байланыштуу чаралар көрүлгөн. Окуудан четтетилгендердин арасында чет элдик жарандар да болгон.



















