Ушул күндөрү Баткен облусунун айрым күн жылуу аймактарында өрүк бүрдөп, гүлүн ача баштады. Бул тууралуу облустук “Баткен таңы” газетасы жергиликтүү дыйкан Турсунали Төлөмүшевдин Фейсбук социалдык тармагындагы маалыматына таянып билдирди.
“Кыштын кычыраган чилдеси, январдын биринчи он күндүгүндө Баткенде өрүктөр гүлдөй баштады. Өрүк бактары боюнча мыкты адис Турсунали Төлөмүшевдин айтуусунда, мындай кырдаал өтө кооптуу. Эрте гүл ачкан өрүк бактарын үшүк алып, эрте жазда каразаңга айланып, түшүм болбой калуу коркунучу бар. Өзбекстан менен Тажикстанда да ушундай абал. Ошондон улам, базарларда кургатылган өрүктөрдүн баасы өскөндүгү байкалат дейт баткендик багбан Турсунали Төлөмүшев”,- деп жазган аталган басылма.
Ал эми айрым адистер эгер жакынкы күндөрү күн кайрадан суутуп, үшүк түшсө, анда бүрдөп, гүлүн ача баштаган өрүктөрдү суук уруп кетип, быйыл түшүм болбой калышынан чочулашууда.
Синоптиктердин алдын ала маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү Баткен облусунун аймагында аба ырайы күндүзү 15 даражага чейин ысып, түнкүсүн да жылуу болушу күтүлөт.



















