Кыргызстанда балдарды мектепке чейин тарбиялоогө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын оюнчуктары жана түзүлгөн шарттар жалаң улуттук каада-салттар менен буюмдардын негизинде жасалат.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымат берди.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тарабынан кыска аралыкта балдарды мектепке чейинки өнүктүрүү боюнча арзан, сапаттуу жана өнүктүрүүчүлүк варианттарды иштеп чыгуу тапшырылган. Кыска аралыкта, аз каражат менен бүт баланын физиологиялык, интеллектуалдык өнүгүү муктаждыктарын эске алуу менен жаңы моделди сунуштайбыз.
Принциптери жалаң ЭЭЭлерден турат.
Экономдуу, Эргономикалуу,Экологиялык, Эң оңой. Тапчан жыгачтан, суурмасына оюнчуктар салынат, оюнчуктары чүкө, Баткен араби килеми, полго бүт Кыргызстанды кыдыруу боюнча жол эрежелери тартылган. Уктайм десе матрац. Ар бир дубал жандуу. Жада калса терезе штору бүт өнүктүрүүчүлүк( тамга, музыкалык аспаптар, ж.б) Чарчаганда бинбекке же матрацты жая салып жатса болот! Баланын ордуна жасалма банер маалыматы жок! Бардыгын бала өзү кыялын ишке ашырууга багытталган. Бүт бай жана өнүккөн өлкөдө балдар бакчалары дал ушундай”,- деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетүүчү жагдай, Д. Кендирбаеванын билдирүүсү боюнча, жакынкы бир жарым жылда Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Анын айтымында, бакчалар Дүйнөлүк банктын каражатына ачылып, ал жакта 40 миңден ашык бөбөк тарбияланат. Андан сырткары, беш миңден ашык тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болору белгиленди.
Бул 560 бакчанын ичинен 290унда оңдоо иштери башталганы кошумчаланды.
.

















