Бишкек шаарында «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» коомдук фонду тарабынан Макелек Кармыштегиндин «Чыңгыздын даанышмандыгы» аттуу китеби жарык көрдү.
AZƏRTAC агенттиги билдиргендей, бул китепке дүйнөгө таанымал жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу автордун акыркы ондогон жылдар ичинде мезгилдүү басма сөздө жарыяланган публицисттик материалдары киргизилген. Ошондой эле, Айтматов өз чыгармаларында кыргыз элинин оозеки эл адабиятынын мотивдерин чеберчилик менен пайдаланганы талданган. Автор окурмандарга жазуучунун чыгармаларына жаңыча көз караш менен карап, башкы каармандардын образдарын кайрадан анализдеп, мурда адабият таануучулар тарабынан каралбаган оригиналдуу изилдөө варианттарын сунуштайт.
Китепте жазуучунун иниси Ильгиз Айтматовдун макаласы да орун алган. Анда 2008-жылы Бакуда Кыргызстандын жана Азербайжан элдеринин достугу үчүн маанилүү болгон Чыңгыз Айтматовдун мааракелик иш-чарасы өткөрүлгөнү белгиленет. Бул иш-чара «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Ошол эле жылдын март айында аталган фонддун жетекчиси Нусрет Мамедов башында турган делегация Бакуга келип, жазуучу Чыңгыз Айтматов Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушкан. Жолугушууда мамлекет башчысы жазуучуга «Достлуг» орденин тапшырган.
Китепке Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын макаласы да кирген. Анда кыргыз жазуучусунун Азербайжанга болгон сапары жөнүндө баяндалат.
Бул басылма айтматовтаануучу окумуштууларга, адабият изилдөөчүлөргө, жогорку окуу жайлардын студенттерине, мектеп окуучуларына жана кеңири окурман коомчулугуна багытталган.
Бул — «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» коомдук фонду тарабынан жарыяланган 165-китеп. Кыргыз тилинен орус тилине Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Темирбек Токтогазиев которгон. Фонд бул китепти акысыз таратуу ниетинде.
Белгилей кетсек, «Чыңгыздын даанышмандыгы» китебинин бет ачары Бакуда өтөт деп пландалууда.



















