АКШ президенти Жо Байден кечээ, 18-октябрда Израилге сапары менен барды. ЖМКлар анын сапары сегиз сааттан аз убакытка созулганын маалымдашты. Бул убакыттын ичинде ал премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана Израиль бийлигинин башка өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Буга чейин АКШ президенти Иорданияга да барары күтүлүп, ал жерде Палестинанын улуттук администрациясынын төрагасы Махмуд Аббас менен жолугушуу пландалган, бирок Аббас Газадагы ооруканага кол салуудан кийин бул жолугушууга катышуудан баш тартты.
Анын артынан иорданиялык бийликтер шаршемби күнү Амманда АКШ, Египет жана Палестина лидерлери менен өткөрүлүшү пландалган саммитти жокко чыгарды.
Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуудан баш тартуусу ал үчүн коомчулуктун алдында кемсинтүү болуп калды, деген пикирин Europe Diplomatic басылмасынын журналисти жана Брюсселдеги эл аралык басма сөз ассоциациясынын мүчөсү Анна ван Денский Youtube каналында билдирди.
Анын айтымында, Байдендин Жакынкы Чыгышка жасаган сапары “ийгиликсиз” болду.
Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирбинин айтымында, төрт тараптуу саммитти жокко чыгаруу чечими Аббастын жүздөгөн мекендештеринин өлүмүнө байланыштуу жарыялаган үч күндүк аза күтүүсүнөн улам Абдулла II менен Байден тарабынан кабыл алынган.
17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган соккуда эле 500дөй адам каза болду. Алардын көбү аялдар жана балдар. Палестиналыктар менен израилдиктер кол салуу үчүн бири-бирин айыптоодо: Палестинанын Тышкы иштер министрлиги чабуулду Израиль учактары жасаганын айтса, Израиль армиясы ооруканага Палестиналык “Ислам Жихад” тобунун ийгиликсиз учурган ракетасы тийгенин айтууда. “Ислам жихады” тобу бул айыптоону четке какты.
АКШ жүздөгөн адамдын өмүрүн алган Газадагы ооруканага кол салуу үчүн Израилди жооптуу деп эсептебей турганын Байден Израилге жасаган сапары учурунда билдирди.
“Көргөнүмө караганда, аны силер эмес, башка топ ишке ашыргандай сезилет”, – деди Байден Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен жолугуп жатып. Кийинчерээк ал Пентагондун маалыматтарына таянып жатканын тактады.

АКШ лидери Тель-Авивдеги визиттин жыйынтыгы боюнча кыскача сөз сүйлөп, Израилге колдоо уланаарына ишендирип, өлкөгө жардамдын “болуп көрбөгөндөй пакетин” сурай турганын убадалады. Ал ошондой эле Египеттен Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүгө Тель-Авивден макулдук алганын айтты.
АКШ палестина-израилдик жаңжалдын курчушуна байланыштуу Израилге болуп көрбөгөндөй масштабда жардам көрсөтөрүн, анын ичинде аскерий колдоо да бар экенин жөөт мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Анын айтымында, тиешелүү макулдашуулар Байдендин Израилге жасаган сапарынын жыйынтыгында жетишилди.
Нетаньяху кандай жардам тууралуу сөз болуп жатканын так айткан жок жана эч кандай сандарды жана конкреттүү маалыматтарды берген жок. Ошол эле учурда ал Байдендин сапарынын жыйынтыгында “бардык тармактарда” чоң өзгөрүүлөрдү алып келе турган макулдашууларга жетишилгенин баса белгиледи.
“Бүгүнкү жолугушуубузда биз адилеттүү согушубузду улантууну камсыз кыла турган иш-аракеттерди макулдаштык. Биз бардык тармактарда күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүп, аскерий максаттарыбызды ишке ашырууга жардам бере турган кызматташуу боюнча макулдаштык»,-деди Натаньяху.
Нетаньяху АКШ президентине көрсөткөн колдоосу, анын ичинде аймакка эки учак алып жүрүүчү кемесин жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн кызматташтыгы тарыхта «болуп көрбөгөндөй деңгээлге» жетти.















