АКШнын президенти Жо Байден Украинага Харьков аймагындагы коркунуч туудурган Россиянын аскердик буталарына каршы контрчабуул үчүн америкалык куралдарды колдонууга уруксат берди. Бирок ATACMS оперативдүү-тактикалык ракеталарын жана башка алыс аралыкка атуучу куралдарды колдонууга тыюу салганын, АКШ мамлекеттик департаментинин атайын өкүлүнө шилтеме берип, РИА Новости жазды.
“Жакында президент Жо Байден Украинанын Харьков облусунда Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына же даярдалып жаткан чабуулдарына каршы АКШ берген куралдарды колдонууга уруксат берүүнү тапшырды”, – деп билдирди агенттиктин булагы.
Буга чейин Politico басылмасы атын атагысы келбеген америкалык расмий өкүлгө шилтеме берип, Байден Киевге “Харьковдо каршылык көрсөтүү үчүн” америкалык курал менен Орусиядагы буталарга сокку урууга жашыруун уруксат бергенин жазган. Анын маалыматында, кеп аталган аймак менен чек арага жакын жерлер тууралуу гана болгон. Ал эми Киевдин Орусиянын кеңири аймагына сокку уруусуна карата Ак үйдүн позициясы «өзгөрүлгөн эмес».
Соңку учурларда Батыш саясатчылары Украинанын куралдуу күчтөрүнө Орусиянын аймагында сокку урууга уруксат берүүнү сурап келгенин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг ушул дүйшөмбү күнү билдирген. Анын айтымында, айрым өнөктөштөр буга чейин мындай чектөөлөрдү алып салышкан болчу.
Эртеси анын позициясын Франциянын президенти Эммануэль Макрон колдоп, Украинага аткылоо жүрүп жаткан Орусиядагы буталарды атууга уруксат берүү керектигин белгилеген. Ал эми кечээ, 30-майда, Даниянын Тышкы иштер министри Ларс Лекке Расмуссен анын өлкөсү Киевге мындай соккуларды аткаруу үчүн F-16 согуштук учактарын колдонууга уруксат берерин билдирди.
Орусиянын аймагына Батыштан келган куралдардан сокку уруу маселеси көтөрүлүп жаткан маалда, 28-майдагы Ташкент сапарында президент Владимир Путин Россиянын аймагына сокку урулса, дүйнөлүк жаңжал тутанышы мүмкүн экенин билдирген. Ошондуктан Батышты “от менен ойнобоого чакырган.
“НАТОго мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, өзгөчө Европада, өзгөчө чакан мамлекеттер эмне менен ойноп жатканын билиши керек. Алар аймагы чакан болгону менен калкы жыш жайгашкан өлкөлөр экенин эстен чыгарбашы зарыл. Алар Орусиянын аймагына чабуул коюу тууралуу сөз кылардан мурда бул нерсени ар дайым эстеп турушу керек. Бул олуттуу нерселер, биз албетте тыкыр көз салып, байкоо жүргүзүп жатабыз”, – деген ал.
Эки өлкөнүн ортосундагы куралдуу жаңжал чыккандан бери, Украина Россиянын аймагына дрондор менен тынбай сокку уруп келет. Алтургай апрель айынын башында дрондор менен 1200 чакырым алыстыктагы Татарстандагы дрон чогулткан завод да бутага алынган. Москва бул кол салууларга Киевди айыптап келет. Бирок Украина Россиянын аймагындагы мындай окуяларга расмий комментарий бербейт. Ал эми чек арага чектеш жайгашкан Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болот.


















