АКШнын президенти Жо Байден Газа секторунун тургундарына жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиналыктарга гуманитардык жардам берүү үчүн 100 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.
“Бул акча жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон 1 миллиондон ашык палестиналыкты колдоого, ошондой эле Газа секторунун чукул муктаждыктарын чечүүгө жумшалат”, – деди Байден.
Буга чейин АКШнын президенти Украинага, Израилге жана Тайванга жардам берүү үчүн Конгресстен 100 миллиард долларга жакын каражат сураганы жатканы кабарланган. Күн мурун Израил АКШдан 10 миллиард долларлык чукул жардам берүүнү өтүнгөнү белгилүү болгон.
Шаршемби күнү Жо Байден Израилге барып, бул өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын президенти 17-октябрь күнү кечинде Газа секторундагы ооруканага урулган соккуга Израилдин тиешеси жоктой көрүнүп жатканын билдирген. ХАМАС тобунун маалыматына ылайык, бул жарылууда жүздөгөн адам каза болгон.
Израил аскерлери ооруканага “Ислам жихады” радикал тобу Израилди көздөй аткан палестиналык ракета тийгенин билдирүүдө. Палестин автономиясынын бийлиги бул айыптоону четке кагып, окуя үчүн израил армиясын күнөөлөп жатат.
Байден сапарынын соңунда АКШ өз элин коргоо боюнча Израилдин аракеттерин колдой турганын айтып, ХАМАСтын кол салуусун айыптап, бул топту “Ислам мамлекети” террордук уюмуна салыштырган.
19-октябрга караган түнү Египет “Рафак” өткөрмө бекети аркылуу Газа секторуна гуманитардык жүк жеткирүү үчүн “туруктуу” коридор ачылганын билдирди.
“Египеттин президенти Абдел Фаттах Сиси менен АКШнын лидери Жо Байден “Рафак” терминалы аркылуу Газа секторуна туруктуу түрдө гуманитардык жардам жеткирүү боюнча макулдашты”, – деди египет президентинин басма сөз катчысы Ахмед Фахми. Ошол эле маалда ал жүктөр качан өткөрүлө баштай турганын тактап айткан жок.
Буга чейин Кызыл жарым ай коомунун Түндүк Синайдагы бөлүмү египет тарапта 3 миң тонна гуманитардык жүк жүктөлгөн 200дөн ашык фура турганын айткан.
Жакындары ХАМАСтын туткунунда кармалып турган израилдиктердин үй-бүлөлөрү Газага гуманитардык жардам өткөрүү чечимине нааразылык билдиришти. Times of Israel басылмасынын маалыматына караганда, алар туткундар бошотулмайынча Газага жардам берилбеши керек деп эсептөөдө. Акыркы маалыматтар боюнча, ХАМАСтын туткунунда 200гө жакын киши кармалып турат.


















