Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Али Багери Кани эгер АКШ чындап эле олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоону жана макулдашууга жетишүүнү көздөсө, Тегерандын жети шартын кабыл алып, аткарышы керектигин билдирди.
«Эгер АКШ олуттуу түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана адилеттүү макулдашууга жетишүүгө ниеттенсе, анда биз койгон жети шартты кабыл алып, аткарышы керек», — деп баса белгиледи Багери.
Анын айтымында, Тегерандын Вашингтонго ишенбестиги америкалык тараптын буга чейинки аракеттерине жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнө алган милдеттенмелерин бир нече жолу бузганына байланыштуу.
Багеринин ырасташынча, АКШ өткөн жылдын жазында өткөрүлгөн беш раунддук сүйлөшүүдөн кийин аскердик аракеттерин кайра жандандырган. Ал эми күзүндө дипломатиялык жол менен жөнгө салуу принциптерине каршы келген кадамдарга барган.
Ирандын өкүлү Тегерандын шарттары кабыл алынбаса, Вашингтон өзүнүн саясий кызыкчылыктарына ылайык убактылуу макулдашууга жетишүүгө аракет кылышы мүмкүн экенин эскертти. Андан кийин АКШ кайрадан басым көрсөтүү же аскердик кийлигишүү ыкмаларына кайрылышы ыктымал.
Ирандын жети талабы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Деңиз блокадасын алып салуу;
- Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин жана мунай ташуучу танкерлердин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу;
- Бир тараптуу санкцияларды жокко чыгаруу;
- Ирандын мунай экспорттоосуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу;
- Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу;
- Өзөктүк материалдарды Ирандын аймагында сактоо;
- Согушту токтотуу.



















