Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бүгүн президенттин катышуусунда бир катар ишканалардын ачылышы болду

  • Экономика
  • 30.08.2024 16:56

Loading

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер өндүрүүчү заводун ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары бир эле учурда онлайн форматта Мамлекет башчысынын катышуусу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилигинин бюджетти көбөйтүү жана экономикалык шарттарды түзүү аракеттери оң натыйжаларды бергенин баса белгиледи.

Тема боюнча

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026

Салык мыйзамдары жеңилдетилип, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул аракеттердин акыбети кайтып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын камсыз кылды.

“Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

1 of 7
- +

1.

2. default

3.

4.

5.

6. default

7.

Садыр Жапаров “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча өнөр жай жана социалдык объектилер ишке киргизилип жатканын эскертти.

“Терек-Таш” цемент чыгаруучу заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз. Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз”, – деди Президент.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу “Даңк” ордени менен ишкер Арапбаев Азамат Абдуллажанович сыйланды.

Ал эми Чүй облусунда клинкер чыгаруу жана цементти майдалоо боюнча заводдорду куруу долбоорлорун ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн:

“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы:

Пихота Андрей Николаевичке – “Южный комбинат строительных материалов” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары;

Туголбаев Акыл Орозобековичке – “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Турдубаев Кубанычбек Апышевичке – “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басарына ыйгарылды;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Атабаев Даниярбек Сүйүнович – “Южный комбинат строительных материалов” жоопкерчилиги чектелген коомунун Араван цемент заводунун директору;

Давлетов Насырбек – “Южный комбинат строительных материалов” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору сыйланды.

“Терек-Таш” ЖЧК ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,2 млн. тонна клинкерди түзөт. Инвестициянын көлөмү 160 млн АКШ долларын түздү. Толук ишке киргизилгенде 500 адам жумуш орундары менен камсыз болот.

Завод эң заманбап технологиялар менен курулган. Экологиялык жана санитардык ченемдерди сактоо максатында өндүрүштүк линиянын бардык объектилери импульстук үйлөтүлүүчү чыпкалар системасы менен камсыз кылынат.

Цемент өндүрүү үчүн сырьелук базанын дээрлик бардык көлөмү ата мекендик болот.

Иш-чаранын аягында Мамлекет башчысы цемент заводунун өндүрүштүк линиясы менен таанышып, өндүрүштүн жаңы технологияларына өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле ишкананын жетекчилиги менен өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү боюнча пландарды жана өлкөнүн курулуш тармагы үчүн ишкананын маанисин талкуулады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 100 жылдыкка 100 ишканаөндүрүшэкономика
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

24.09.2026
Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү экономикалар рейтингинде 38-орунду ээледи

15.09.2026
Саудиянын мунай түтүгүнө күчтүү сокку: Эр-Рияд мунай экспортунун резервдик багытынан ажырап жатат

Саудиянын мунай түтүгүнө күчтүү сокку: Эр-Рияд мунай экспортунун резервдик багытынан ажырап жатат

12.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.