Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Бүгүн Комуз күнү белгиленүүдө. Президенттин куттуктоосу

  • Маданият
  • 09.09.2023 11:10

Loading

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан билдирет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, комуз кыргыздын баа жеткис көркөм дөөлөтү, көөнөргүс ыйык мурасы, дил кайрыгы. Ар бир улут, ар бир эл өзүнө таандык маданият жана рух дүйнөсү аркылуу өзгөчөлөнөт.

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

“Кыргыз кыргыз болгондон тарта үч кылдуу керемет комузу менен элибиздин арзуу-арманын, кайгы-кубанычын күүгө салып, урпактарга мурас калтырып келет.

Тарыхый булактарда кыргыз комузу үч миң жыл мурун эле чертилгендиги тууралуу фактылар анын эң байыркы музыкалык аспаптардан экендигин далилдеп турат.

Элдин баскан жолун, тарыхын баяндап, жеке арзуу-сүйүүсүн зор күүгө салган комузчу, күүчүлөр – калктын нагыз руханий байлыгын алып жүрүүчүлөрү”, – деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле илгертен уламыш болуп Чынгышбай, Абак, Байкабыл, Серкебай, Тайтеке, Арстанбек, Тилен, Кудайберген, Жолбун, Кыдыр аке деген комузчулардын ысымы айтылган болсо, Токтогул Сатылганов, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Ниязаалы Борошев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов сыяктуу залкарлардын күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасынын комузда чертилип ырдалган чыгармаларынын мыкты үлгүлөрү болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, илгери комуз үнү ар бир кыргыздын боз үйүндө жаңырып турса, ал эми жыйырманчы жылдары ал чоң концерттик сахналарда шаңшый баштады. Самара Токтакунова, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов, Намазбек Уралиев сындуу комузчуларыбыздын жаратмандыгы жана чеберчилиги, Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов, Чалагыз Исабаевдей залкарлардын аракетинин арты менен комуз оркестрге түшүрүлүп дүйнө жүзүнө таралды.

“Быйылкы 9-сентябрь – Комуз күнү “күү атасы” саналган Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине дал келип турат.

Кыргыз аспаптык музыкасынын шедевр чыгармаларынын ээси, залкар комузчу, теңдешсиз күүчү Карамолдо Орозовдун “Ибарат”, “Жаш Кербез”, “Кара өзгөй”, “Көкөй кести”, “Насыйкат”, “Сынган бугу” ж.б. керемет күүлөрү стилдик өзгөчөлүгү, композициялык түзүлүшү, көркөмдүк формасы жагынан башка чеберлердин чыгармаларынан айырмаланган, кыргыздын кан-жанына сиңген чыгармалар.

Жалпы кыргыз элин, маданият жана искусство ишмерлерин, комузчу-күүчүлөрдү дагы бир жолу улуттун үнү, кайрыгы болгон Комуз майрамы менен куттуктаймын. Кыргыз барда кыргыз кайрыктары түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп, улуу журттун рух дүйнөсүн ааламга жар салып, уул-кыздарыбыз доордон-доорго, кылымдан-кылымга үч кыл комузда кол ойното берерине терең ишенем.
Майрамыңыздар менен!”,- деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Комуз күнүкуттукСадыр Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.