Бүгүн, 18-апрелде Душанбеге мамлекеттик иш сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев барат. Өзбек лидеринин Тажикстанга сапары эки күнгө созулат.
Тажик мамлекет башчысынын пресс-кызматынын билдирүүсү боюнча, Өзбекстандын президентин расмий тосуп алуу салтанаты эртең менен саат 10до «Улут сарайы» имаратында болот.
Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри, экономикалык, саясый жана маданий чөйрөлөр, ошондой эле учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер талкууланмакчы.
Өкмөттүк автоколоннанын кыймылы учурунда борбордук көчөлөр автотранспорт үчүн жабылышы мүмкүн. МАИ кызматы жолдордун жабылышы тууралуу расмий маалымат берген жок. Андан соң эки өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору ортосунда кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Ш. Мирзиёевдин Тажикстанга иш сапардын алкагында «Ватан» кинотеатрында «Өзбек киносунун күндөрү» улантылат. Бул иш чарага кирүү бекер. Ошондой эле «Өзбекстан маданиятынын күндөрү» өткөрүлүп, «Куруши Кабир» паркында бүгүн Өзбекстандын туристтик тармагынын, гастрономиялык жана кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү ачылат.



















