Азия футбол конфедерациясы (АФК) улуттук курама командалар катышкан жаңы турнирди — АФК Улуттар лигасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды.
Конфедерация так мөөнөттөрдү азырынча атаган жок, бирок билдирүүдө сөз «жакынкы мезгил» жөнүндө болуп жатканы белгиленет. Бул демилге мүчө-ассоциациялардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана эл аралык мелдештердин туруктуу системасын түзүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылат.
АФКнын маалыматына ылайык, өнүгүүдөгү негизги тоскоолдук — ФИФАнын эл аралык терезелерин жолдоштук беттештерди өткөрүү үчүн толук кандуу пайдалануунун мүмкүн эместиги. Бул атаандаштардын жетишсиздиги, операциялык чыгымдардын өсүшү жана логистикалык кыйынчылыктар менен байланыштуу.
Улуттар лигасы дал ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Жаңы турнир ФИФА күндөрүндө деңгээли окшош командалардын ортосундагы беттештер аркылуу керектүү балансты камсыз кылат, борборлоштурулган координациянын эсебинен чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатат жана улуттук курамалар үчүн өнүгүүнүн так жолдорун түзөт деп күтүлүүдө.
«ФИФАнын эл аралык терезелеринде түзүмдүү мелдеш платформасын киргизүү менен, календардын туруктуулугун жана ачык спорттук стимулдарды камсыз кылууну көздөйбүз. Бул улуттук курамалар дайыма жогорку деңгээлдеги мелдештерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна шарт түзүп, ошол эле учурда алар туш болгон логистикалык жана каржылык көйгөйлөрдү чечет. Спорттук артыкчылыктардан тышкары, биз Улуттар лигасы сыяктуу форматка коммерциялык өнөктөштөрдүн кызыгуусу жана суроо-талап өсүп жатканын көрүп жатабыз. Бул формат күйөрмандар, берүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар үчүн жагымдуулугун көрсөтүп, эл аралык футболду дагы да көркөм жана коммерциялык жактан кызыктуу продуктка айланта алат», — деп белгиледи АФКнын башкы катчысы Датук Сери Уиндзор Джон.
Белгилей кетсек, Европада УЕФАнын Улуттар лигасы бар. Анда бардык европалык курама командалар ФИФАнын рейтинги боюнча төрт дивизионго бөлүнүп, деңгээлин жогорулатуу жана Европа чемпионатына (ЕВРО) жолдомо алуу үчүн күрөшөт. Башкача айтканда, ал турнирде аутсайдер командаларга да Европа чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.


















