Бишкекте 24-мартта кыз-келиндер арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу старт алды. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт.
Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жаткан мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашууда.
Мелдештер “Бишкек Арена” комплексинде өтүп жатат. Кубок 30-мартка чейин уланат. Каалоочуларга кирүү акысыз.

24-мартта мелдештердин биринчи күнү буга чейинки Азия оюндарында экинчи орунду алган Ирандын хоккей боюнча кыздар командасы БАЭнин командасын 16:0 эсеби менен жеңип алды. БАЭ Словакиянын курама командасынын мурдагы оюнчусун бул мелдештерге активдүү катышуу үчүн жалдаган, бирок ал Иран курамасын жеңүүгө жардам берген жок.
Ирандык хоккейчи кыздардын оюнуна Бишкекте жашаган ирандыктар күйөрмандык кылышты.

Андан соң Кубоктун расмий ачылыш аземи өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун Олимпиадалык түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Ушул эле күнү кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Филиппиндин командасы күч сынашты.
Бүгүн, 25-мартта төрт команда беттешет:
- Индия – БАЭ, саат 16:30;
- Иран – Кыргызстан, саат 20:00.
Кыргызстандык хоккейчилердин беттеше турган күндөрү:
- Кыргызстан – Филиппин, 24-март, саат 20:00;
- Кыргызстан – Иран, 25-март, саат 20:00;
- Кыргызстан – БАЭ, 27-март, саат 20:00;
- Кыргызстан – Индия, 30-март, саат 20:00.
Ирандык хоккейчи кыздардын беттеше турган күндөрү:
- Иран – БАЭ, 24-март, саат 16:30;
- Иран – Кыргызстан, 25-март, саат 20:00;
- Иран – Индия, 29-март, саат 20:00;
- Иран – Филиппин, 30-март, саат 16:30.
Таймаштардын программасы:




























