Тажикстан курама командасы Азия Кубогунун тайпалык баскычынын акыркы айлампасында Ливанды жеңип алды. А тайпасынын оюну 2:1 эсеби менен аяктады.
Парвизжон Умарбаев менен Нуриддин Хамрокулов гол киргизип, Тажикстан курамасын жеңиш менен камсыздады.
Кубок үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.
12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.
Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. 21-январда бул тайпада Оман менен Тайланд курамасы беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Буга чейин Сауд Арабиясы Оманды 2:1 эсебинде уткан. Учурда эки оюндан кийин алты упай менен Сауд Арабиясы тайпада көч башында келатат. Тайланд курамасында төрт упай бар. Омандын шыбагасына бир упай тийген. Кыргызстанда азырынча упай жок. Эми 25-январда Оман менен беттешет.
24-январга карата жыйынтык боюнча, плей-оффко төмөндөгү курама командалар чыкты:
1. Катар;
2. Тажикстан;
4. Өзбекстан;
5. Иран;
6. БАЭ;
7. Сирия;
8. Палестина;
9. Ирак;
10. Япония.




















