Азербайжандын президенти Илхам Алиев иш сапары менен АКШга келгенин Azertac мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, Алиевдин учагы Эндрюс авиабазасына конуп, аны расмий өкүлдөр тосуп алышкан.
Азербайжан лидеринин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Буга чейин The Washington Post (WP) гезити Ак үйдөгү булактарына таянып, Трамп 8-августта Азербайжандын лидери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушаарын жазган. Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Азербайжан менен Армениянын лидерлери тынчтык келишими түзүлгөнүн жарыя кылышы мүмкүн.
Армения өкмөтү премьер-министр Никол Пашинян да 7-8-августта АКШга барарын жана бул күндөрү ал АКШ президенти Дональд Трамп жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен аймактагы тынчтыкты, гүлдөп-өнүгүүнү жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган үч тараптуу жолугушууну өткөрөрүн билдирди.


















