АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Азербайжандагы ишмердүүлүгү токтотулушу керек, анткени анын иштешине эч кандай юридикалык база жок, деп билдирди Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов. Бул тууралуу азербайжандык ЖМКлар жазышты.
“Бүгүнкү күндө, де-юре, USAIDдин Азербайжанда ишмердүүлүгү үчүн эч кандай юридикалык база жок. Бул учурда биз уюмдун өзүнүн да, анын Азербайжандагы өкүлчүлүгүнүн дагы болушунун жана ишмердүүлүгүнүн зарылдыгы жок деп эсептейбиз жана аларды толугу менен токтотууга убакыт келди», – деди Байрамов бейшемби күнү Бакуда грузин кесиптеши Мака Бочоришвили менен биргелешкен маалымат жыйынында.
Министр белгилегендей, Азербайжан 2024-жылдын 1-июнунан кийин 2000-жылы кол коюлган жана USAIDдин өлкөдөгү ишин жөнгө салган алкактык документтин мөөнөтүн узартпоо чечимин кабыл алган. Келишимдин мөөнөтү 2023-жылдын февраль айында аяктап, аны узартпоо боюнча расмий чечим америкалык тараптын бул документтин жоболорун сактаганын анализдөөдөн кийин кабыл алынган.
Ал белгилегендей, анализдин жыйынтыгында USAID тарабынан көрсөтүлгөн жардам Азербайжандын кызыкчылыгына туура келбегени аныкталган.
Анын айтымында, акыркы жылдарда агенттиктин ишмердүүлүгү Азербайжандын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын этибарга албай, АКШнын жеке максаттарын алдыга жылдырууга багытталган.
Байрамов белгилегендей, Америка администрациясы өлкөгө кысым көрсөтүүгө жана өз шарттарын таңулоого аракет кылган.
«Биз муну өзүбүз үчүн толук тактагандан кийин, 2024-жылдын 1-июнунан кийин азербайжан тарап бул келишимдин мөөнөтүн узартпоо чечимин кабыл алган», – деди Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.



















