Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан үч өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Документке 1-майда Ташкентте үч өлкөнүн экономика жана энергетика министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганын Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров билдирди.
Жаббаров соцтармактагы баракчасына бул документти ишке ашыруу үч тарапка “жашыл” энергияны өндүрүүдө жана аны Азербайжан аркылуу Европага экспорттоону уюштурууда өз ара аракеттенүүгө, энергетикалык системалардын интеграциясын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет деп жазды.
Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, документке ылайык, катышуучулар Каспий деңизинин түбү аркылуу жогорку вольттогу кабель тартуу аркылуу энергетикалык системаларды бириктирүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдешет.
Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев белгилегендей, буга чейин Каспий деңизинин түбүн бойлото терең деңиз кабелин тартуу боюнча техникалык шарттардын долбоору түзүлгөн.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашыруунун негизги жолдору талкууланып, макулдашылды.


















