Азербайжандын коргоо министринин биринчи орун басары, армиянын Башкы штабынын башчысы Керим Велиев Пакистанга болгон иш сапарында кесиптеши фельдмаршал Сайед Асим Мунир менен жолугушту. Бул тууралуу Пакистандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып Armiya.az агенттиги жазды.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде аймактык жана глобалдык коопсуздукту, ошондой эле эки тараптуу коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.
Фельдмаршал Мунир Пакистандын Азербайжанды колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастап, эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык байланыштарды баса белгиледи.
Ал ошондой эле азербайжан тарапты Армения менен болгон тынчтык келишиминин ийгиликтүү ишке ашышы менен куттуктады.
Ал эми Велиев өз кезегинде Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн кесипкөйлүгүн жогору баалап, терроризмге каршы күрөштөгү аракеттерин баса белгиледи. Ошондой эле Бакунун Исламабад менен коргонуу жана коопсуздук тармагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастады.


















