Демократтар партиясынын конгрессмени Ричи Торрес АКШ президенти Дональд Трамп Катар королунун үй-бүлөсүнөн болжол менен 400 миллион доллар турган Boeing 747-8 учагын белек катары алууну пландап жатканын иликтөөнү талап кылууда.
Бул тууралуу Axios басылмасы кабарлайт.
Axios’тун маалыматына караганда, Торрес АКШнын бир катар мекемелерине билдирүү жасап, президенттик учакты алмаштыра турган бул «учуучу сарай» чет элдик өкмөт тарабынан президентке берилген эң кымбат белек боло турганын белгилеген.
Өз кезегинде Дональд Трамп учакты белек катары алуу боюнча келишимди «абдан ачык-айкын» деп атаган.
Трамп Truth Social социалдык тармагында мындай деп жазган:
«Коргоо министрлиги Boeing 747 учагын ачык-айкын жана коомчулукка маалым болгон келишимдин алкагында акысыз белекке алганы – ушунчалык чынчыл эмес демократтарды тынчсыздандырып жатканы таң калыштуу. Алар бизден бул учак үчүн толук баасын төлөөнү талап кылышууда», — деп билдирген ал.
Буга чейин Axios кабарлагандай, Ак үй менен Юстиция министрлиги бул белекке расмий акт коштолбогондуктан, аны пара катары кароого болбойт деген тыянакка келген.
Башкы прокурор Пэм Бондинин юридикалык талдоосу да бул учакты кабыл алуу Конституциядагы чет элдик белектерге тыюу салган жобого каршы келбей турганын көрсөткөн.


















