Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Атом же караңгылык. АЭС – Кыргызстан үчүн акыркы мүмкүнчүлүкпү?

  • Аналитика, Башкы жаңылыктар
  • 22.12.2025 12:11

Loading

Жакында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АЭС куруу маселеси боюнча пикирин билдирип, бүгүнкү күндө россиялык технологиялар дүйнөдөгү эң мыктылардын бири, балким эң мыктысы экенин белгиледи.

«Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын байкап көрсөң, заманбап технологиялар таптакыр башка деңгээлге чыкканын түшүнөсүң. Бүгүн коопсуздук дээрлик жүз пайыз деп айтууга болот», – деди ал.

Ошондой эле Кыргыз Республикасында АЭС куруу долбооруна катышууга Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да даяр экенин билдиришти. Бир гана шарт – Бишкек долбоорду так жана конкреттүү пландарга айландырышы керек. Бул үчүн Министрлер Кабинети кеңири элдик талкууларды өткөрүүнү көздөп жатат.

Тема боюнча

Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

17.09.2026

Бирок, Кыргызстанда АЭС курулабы же жокпу – ага карабастан, өлкө буга кыйыр түрдө азыртан эле катышып жатат. Тилекке каршы, өз энергетикасы үчүн пайдасыз формада. Анткени Казакстан Кыргызстанга жакын аймакта АЭС курууну баштады.

Жакында Казакстандын Атомдук энергия агенттигинин жетекчиси Алматы облусунун Жамбыл районунда биринчи атомдук электр станциясы куруларын билдирди. Ошондой эле Каспий деңизинин жээгинде чакан модулдук реакторлордун негизинде экинчи АЭС куруу да пландалууда.

Казакстанда тынч атомго болгон кызыгуу кокустук эмес. Кыргызстандагыдай эле, акыркы суу тартыш жылдары коңшуларда да олуттуу энергетикалык кризис байкалууда. Бизде гидроэнергетиканын эсебинен маселени жамап-жаскап, суу үчүн коңшулар менен талашып, көп миллиондук кредиттерди алып жатышса, Казакстан менен Өзбекстан атомдук энергетикага басым жасоодо. Бул тармакка салынган инвестициялар өзүн көп ирет актаган. Айта кетсек, АЭСке каршы чыккандардын негизги аргументи – сейсмикалык коркунуч – Казакстан үчүн да мүнөздүү. Бирок ал жакта бардык тобокелдиктерди талдап, бул маселе ийгиликтүү иштелип чыккан.

Суу тартыштыгы жана мөңгүлөрдүн эриши

Кыргызстандын энергетикалык потенциалын күчөтүү боюнча акылга сыярлык демилгелерди жергиликтүү эксперттер да бир нече жолу көтөрүп келишкен. Алар өкмөт өзүнө жоопкерчилик алып, АЭС куруу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алышы же референдум өткөрүшү керектигин белгилешкен.

«Кыргызстан менен Тажикстан дарыялардын башында жайгашкан. Бирок мөңгүлөр толук эрип, дарыяларыбыз тартылып калса эмне болот? Муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Бул жагынан алганда, атомдук энергетиканы келечек катары көрүп, ушундай алысты көрө билген чечим кабыл алган Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилерин жакшы түшүнөбүз», – дешкен эксперттер.

Климатологдордун божомолдоруна ылайык, Австриянын Илим жана технология институтунун (ISTA) жаңы изилдөөсү мурда туруктуу деп эсептелген эң бышык мөңгүлөр да акыркы жылдары тездик менен эрип жатканын көрсөткөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, 2018-жылы кар катмарынын азайышы жана жаан-чачындын тартыштыгы мөңгүлөрдүн массалык балансын кайтарылгыс өзгөртүүгө алып келген «чек деңгээлинен» ашып кеткен.

Бул «кайтарылгыс чек» мөңгүлөрдүн тез эриш режимине өтүшүн билдирет: муз эриген суунун жетишсиздигин өзүн бузуу аркылуу толуктай баштайт. Борбор Азияда суу тартыш мезгили башталып, суу сактагычтардын деңгээли төмөндөп, электр энергиясын өндүрүү азаюуда. Демек, жакынкы жылдары гидроэнергетикага таянуу натыйжасыз болуп калышы мүмкүн. Бул факт Токтогул суу сактагычындагы суунун бүгүнкү күндөгү аз көлөмү менен да тастыкталууда. Энергетика министрлиги белгилегендей, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата анын толушу мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсе төмөн.

Натыйжада мамлекет кышында электр энергиясынын тартыштыгын кымбат импорт менен толтурууга жана жөнөкөй керектөөчүлөрдөн үнөмдөөнү талап кылууга аргасыз болот. Бул калктын нааразычылыгын жаратпай койбойт.

Кадр маселеси

АЭС курууга каршы чыккандар көп айткан дагы бир аргумент – станциянын коопсуз иштешин камсыздай ала турган кадрлардын жоктугу. Бирок бул кооптонуулар да эки тараптуу талкуулардын жүрүшүндө четке кагылууда.

Мисалы, буга чейин россиялык физик, «Геоэнергетика Инфо» басылмасынын башкы редактору Борис Марцинкевич кадр маселеси оңой чечилерин айткан.

«Өзбекстанга АЭС керек деген чечим кабыл алынганда, алгач 50дөй студентти Россиядагы МИФИге жиберишти. Эки жылдан кийин Ташкентте МИФИнин жалгыз чет өлкөлүк филиалы ачылды. Адистерди даярдоо жеринде жүргүзүлө баштады. Бул тажрыйбаны Кыргызстанда да колдонсо болот. Бул маселени чечүүгө даяр жана чечишет», – деген ал.

Ал эми чакан АЭСтердин коопсуздугу тууралуу айтсак, КРнын эмгек сиңирген куруучусу, «Электр станциялары» ААКсынын перспективдүү өнүгүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ибрагим Алиевдин айтымында, атомдук электр станциялары экологиялык жактан жылуулук станцияларына караганда кыйла таза.

Муну «Росатомдун» КРдагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов да бир нече жолу баса белгилеген. Анын айтымында, заманбап АЭСтер эң ишенимдүү коопсуздук системаларына ээ болуп, автоматташтыруу адам факторун минималдаштырат.

«Мындай станцияны куруу долбоорунун негизинде “Росатомдун” референттик технологиясы – россиялык атомдук муз жаргыч флотунда көп жылдык эксплуатация тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан РИТМ-200Н реакторлору жатат», – деп белгилеген Константинов.

Казак жана өзбек бир туугандарыбыз атомдук генерациясыз электр энергиясын камсыз кылуу мүмкүн эместигин так түшүнүштү. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жыл сайын суу тартыштыгы күчөп жатканын көрүп турабыз. Бул адам факторунун таасириби же глобалдык климаттык циклдердин натыйжасыбы – маанилүү эмес.

Маселе мына ушунда: Кыргызстан бир эле учурда эки багытты кармоого аракет кылууда – Европа союзу сунуштаган «жашыл долбоорлорду» колдоо жана өлкөдөгү энергия тартыштыгын жоюу. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, ЕСтин «жашыл долбоорлор» тууралуу кооз ураандары кымбат баасына карабай, анчейин натыйжалуу эмес. Жел генераторлору, күн панелдери, жылуулук насостору – мунун баары кеңири масштабда эмес, чектелүү альтернатива катары гана мүмкүн. Алар Кыргызстандагы энергетикалык кризисти чече албайт. Гидроэнергетика да акыркы жылдары аксап жатат. Ошондуктан Кыргызстан менен Россия бир нече жылдан бери бир нече чакан АЭС куруу маселесин иштеп чыгууда – энергия тартыштыгын жоюу жана ГЭСтердин ишине көз каранды болбогон туруктуу генерацияны камсыз кылуу үчүн.

Атом – абадай керек

Айрым жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул республика үчүн артыкчылыктуу маселени дароо саясий нукка буруп, Россия менен кызматташуу темасын колдонууга аракет кылышууда. Бирок Казакстандын билдирүүлөрүнөн жана Өзбекстанда АЭС курулушу кеңейгенден кийин бул теманын актуалдуулугу жоголду. Экологиялык эң жаман сценарийден өзүбүздү баары бир толук коргой албайбыз. Ал эми фактыларга кайрылсак, дүйнө жүзүндө АЭСтерге байланыштуу олуттуу көйгөйлөр он жылда бир-эки гана жолу болгон, ошол эле учурда ондогон, балким жүздөгөн станциялар ийгиликтүү иштеп жатат.

Энергетика министрлигинин алдыдагы оор кыш, башкы суу сактагычтагы суунун азайышы, өндүрүш менен курулуш көлөмүнүн өсүшү тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда климаттык шарттарга көз каранды болбогон туруктуу генерациянын жалгыз булагы – бул АЭС. Каршылаштар эмне деп айтпасын, мындай станциялар Кыргызстан үчүн чындап эле зарыл.

Автор: Виктория Гунгер

Булак: https://www.vb.kg/doc/453662_atom_ili_tma._aes_kak_posledniy_shans_dlia_kyrgyzstana.html

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АЭСДүйнөлүк энергетикалык кризисКичи АЭСКүн энергиясы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

Кытай Өзбекстандын атом энергетикасын өнүктүрүүгө кошулууда: Ташкент кандай технологияларга ээ болот?

24.11.2026
Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

Калифорнияда дизелдин баасы галлонуна 10 долларга жетти

17.09.2026
«Росатом» менен Казакстан «Балхаш» АЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту

«Росатом» менен Казакстан «Балхаш» АЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту

04.09.2026
КМШдагы биринчи электромобилдер үчүн күн энергиясы менен иштеген кубаттоочу станция Казакстанда пайда болду

КМШдагы биринчи электромобилдер үчүн күн энергиясы менен иштеген кубаттоочу станция Казакстанда пайда болду

26.08.2026
Өзбекстан экинчи АЭС курууга даярдык көрүүдө

Өзбекстан экинчи АЭС курууга даярдык көрүүдө

20.08.2026
«Росатом» Ирандагы «Бушер» АЭСинин аянтчасына адистерин кайра жөнөтө баштады

«Росатом» Ирандагы «Бушер» АЭСинин аянтчасына адистерин кайра жөнөтө баштады

10.08.2026
Р. Умбеталиев: “1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында ашып кетсе 12,3-12,5 млрд. куб суу топтолушу мүмкүн”

Р. Умбеталиев: “1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында ашып кетсе 12,3-12,5 млрд. куб суу топтолушу мүмкүн”

02.07.2026
Ражаби Машхади: Россиянын атомдук тармактагы адистери жакын арада Иранга кайтып келишет

Ражаби Машхади: Россиянын атомдук тармактагы адистери жакын арада Иранга кайтып келишет

19.06.2026
Путин менен Мирзиёев Өзбекстанда АЭСтин курулушуна старт беришти

Путин менен Мирзиёев Өзбекстанда АЭСтин курулушуна старт беришти

05.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.