Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ражаби Машхади: Россиянын атомдук тармактагы адистери жакын арада Иранга кайтып келишет

  • Батыш Азия, Россия
  • 19.06.2026 18:20

Loading

Иран Ислам Республикасынын Энергетика министринин орун басары Мустафа Ражаби Машхади Россиянын энергетика министри менен болгон жолугушууда Бушер атомдук электр станциясынын экинчи жана үчүнчү блокторунун курулушун улантуу үчүн россиялык адистерди мүмкүн болушунча тез арада Иранга кайтаруу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Бул тууралуу Машхади Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жыйынынын алкагында “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысынга берген маегинде билдирди.

Ражаби Машхади Россия менен Азербайжан аркылуу электр байланыш түзүү маселесине дагы токтолуп, бул демилгени орус тарап колдогонун айтты. Анын билдирүүсүнө караганда, Тегеран менен Москва бул маселени карап чыгышат.

Тема боюнча

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026

Министрдин орун басары ошондой эле Россиянын энергетика министрлиги АКШ жана Израиль тарабынан жасалган чабуулдардын натыйжасында жабыркаган Ирандын газ тармагындагы айрым объектилерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал Иран өзүнүн бардык муктаждыктарын расмий түрдө орус тарапка жөнөтөрүн жана андан кийин тиешелүү иштер мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө башталарын кошумчалады.

“Бушер” атомдук электр станциясы (АЭС) – Иранда Бушер шаарынын жанында курулган атомдук электр станциясы. Ал Ирандагы биринчи атомдук электр станциясы болуп саналат. Россиянын катышуусу менен курулуп бүткөн “Бушер” атомдук электр станциясынын биринчи блогу 2011-жылдын сентябрь айында Ирандын улуттук электр тармагына туташтырылган. Эки энергоблокту камтышы пландалган станциянын экинчи фазасынын курулушу жүрүп жаткан. Бирок АЭСтин жаңы блокторун курулуш аянтчасындагы иштер АКШ менен Израилдин чабуулдарынан улам токтотулган.

Андан сырткары, Машхади ШКУга мүчө өлкөлөр энергетиканын негизги үлүшүнө ээ экенин, электр тармагында бул көрсөткүч жалпы электр энергиясын керектөөнүн жана камсыздоонун 45 пайызын түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Иран Ислам Республикасы мунай жана газ запастары боюнча өзгөчө артыкчылыкка ээ болуу менен катар, кургактык аркылуу чектешкен бардык өлкөлөр менен электр энергиясы жаатында байланыш түзгөн.  Ал ШКУга мүчө жети мамлекет менен энергетикалык алмашууну жолго коюуга үмүт артып жатканын айтып, мындай кадам аймактагы туруктуу энергетикалык коопсуздукту камсыздоого көмөктөшөрүн белгиледи.

Машхади ошондой эле ШКУнун энергетика министрлеринин сегизинчи жыйынында көтөрүлгөн негизги маселелерге токтолду. Анын айтымында, жыйында Израиль менен АКШ тарабынан Ирандын объектилери жана инфраструктуралары бутага алынган маселеси көтөрүлдү.

Ал бул жыйында Ирандын инфраструктураларына жасалган чабуулдардын натыйжасында карапайым калк жабыр тартканын, ошондой эле электр энергетикасы тармагындагы айрым кызматкерлер каза болуп, бир тобу жаракат алганын билдиргенин айтты. Ошондой эле ал ШКУга мүчө мамлекеттерди мындай аракеттерди айыптоого чакырганын жана жыйындын акыркы декларациясында бул маселе киргизилгенин кошумчалады.

Министрдин орун басарынын айтымында, жыйында дагы бир маанилүү маселе катары энергетика тармагында консорциум түзүү сунушу каралды. Бул боюнча алдын ала долбоор даярдалып, ШКУнун катчылыгына тапшырылган. Эгерде документ уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан жактырылса, анда мүчө өлкөлөрдө чыгымдарды азайтууга жана инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда электр энергетикасына арналган жыл сайын өтүүчү конференцияларды уюштуруу жана кайра жаралуучу энергия булактарына инвестиция тартуу маселелери дагы талкууланган. Ражаби Машхадинин айтымында, бул багытта бардык өлкөлөр активдүү иш жүргүзүп жатышат.

Ал Иран да бул тармакта абдан активдүү болуп, он төртүнчү өкмөттүн тушунда күн энергетикасына салынган инвестициялар беш эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АЭСБушериранРоссияШКУ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.