Астананын акими тажик азыктарынын жарманкесиндеги вандализмди сындады.
Астана шаарынын акими Женис Касымбек өткөн жумада Тажикстандан алып келинген азыктардын жарманкесинде тартип бузуу фактылары болгонун билдирди.
“Айрым жергиликтүү тургундар текчелер менен бастырмаларды талкалап, жарманке мүлктөрүнө зыян келтирген. Башка бирөөнүн эмгегин баалабаган бул көрүнүш маданияттын төмөндүгүн көрсөтүп турат. Бир нече кишинин айынан Астананын бардык тургундары жаманатты болду. Полицияга вандализм жана коомдук тартипти бузуу учурларына катышкандарды аныктоо тапшырмасы берилди. Алар жоопкерчиликке тартылат”, – деп жазды аким Facebook баракчасына.
26-августта интернетке тажик дыйкандары алып келген айыл чарба азыктарынын Астанадагы жарманкесинде адамдар ортодо турган дарбызды алуу үчүн мөмө-жемиштерди тебелеп жүргөнү, пирамиданын жогору жагына коюлган жүзүмдөрдү чечип жатканы жана илинип турган табактарды алып кетип жатканы тартылган видеолор жарыяланган. Социалдык түйүн колдонуучулары видеодогу көрүнүштөрдү сынга алышкан.
Тажикстандын кол өнөрчүлүк буюмдарынын, тамак-аштарынын, айыл-чарба жана өнөр жай азыктарынын көргөзмө-жарманкеси Астанадагы “ЭКСПО” аянтчасында өткөн. Иш-чара Тажикстандын Казакстандагы Маданият күндөрүн белгилөөнүн алкагында уюштурулган. Анын салтанаттуу ачылышына эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышкан.
Астана акимчилиги “коюлган бардык азыктар менен буюмдар сатылып кеткендиктен”, жарманке жабылганын билдирди. Бийликтин маалыматына караганда, Астанага Согд облусунан 300гө жакын фермер келип, 1000 тоннадан ашык азыгын сатты.
Акимчиликтин Инвестиция жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Максат Жанабаев азыктардын бир бөлүгү адамдарга бекер берилгенин айтты.
“Тажик фермерлери пирамидаларга өздөрү чыгып, элге жемиштерди бекер беришти. Ысыкта бузулуп кеткенче адамдар алсын дешти”, – деп билдирди ал.