Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Астанада Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • ТОП жаңылыктар
  • 04.07.2024 10:16

Loading

Президент Садыр Жапаров 3-июлда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кыргызстан менен Кытай көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылыктын башка маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин канааттануу менен белгиледи. Кыргыз Республикасы 2024-2025-жылдары ШКУга өлкөнүн төрагалыгынын алкагында Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр.

Тема боюнча

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026

Кыргызстандын Президенти белгилегендей, саясий диалогдун эң жогорку деңгээли Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун ортосундагы экономикалык күн тартипти ийгиликтүү илгерилетүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берет. Кытай — Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Бир алкак — бир жол» демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон «Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда үч тараптуу Өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий этабы ийгиликтүү аяктаганына басым жасады, эми кийинки кадам – кыйла деталдуу коммерциялык келишимди бекитүү.

Президент Садыр Жапаров быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин «Барскоон-Үчтурфан-Аксу» автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Ал «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Кыргызстандын профилдик ведомстволору биргелешкен изилдөөлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн жумушчу топтору макулдашкан «Барскоон-Үчтурфан-Аксу» автожолунун каттамынын ТЭНин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай өнүккөн Кыргызстанга кызыкдар жана жүргүзүлүп жаткан реформаларда өлкөнү колдойт. Кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.

Ошондой эле ал өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторунун ачык экендигин белгиледи. Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү жылдан жылга көбөйүп, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 млрд долларга жакынды түзөт, соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга күч-аракет жумшоо маанилүү.

Ошону менен бирге Кытайдын лидери эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын саны көбөйгөнүн канааттануу менен белгилеп, Ош — Кашгар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айтты. Мындан тышкары, Си Цзиньпин Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу пандемияга чейинки мезгилге жеткенин белгилеп өттү.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору тууралуу айтып жатып, КЭР лидери жакында бул долбоорду биргелешип жылдырууда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу өкмөттөр аралык Макулдашууга кол коюу укуктук негиз түзгөнүн белгиледи.

КЭР Төрагасы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Садыр Жапаровду Кытайга ыңгайлуу убакта сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорттук-логистикалык, инвестициялоо жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин козгошту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы Айыл чарба продукциясын экспорттоо, регионалдык өз ара аракеттенүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу документтерге кол коюлду.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АстанаЖапаровКыргыз-кытай мамилесиСи ЦзиньпинШКУ саммити
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

18.11.2026
АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

А. Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясы менен биргелешкен ишкана ачууну сүйлөштү

24.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.