Ереванда күч органдары оппозиция лидерлеринин бири, «Мать Армения» блогунун өкүлү Андраник Теванянды кармады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун армян кызматы билдирди.
Армениянын Factor TV телекомпаниясынын маалыматына караганда, саясатчы шериктери менен Ереван көчөлөрүнүн бирин тосууга аракет кылган учурда кармалган.
Армениянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ТАСС агенттигине Теваняндан тышкары полиция 26 демонстрантты кармаганын кабарлады.
Бир күн мурда оппозициянын Республика аянтындагы митингинде Теванян демонстранттарды 22-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына келип, аткаруу органдын жыйынын үзгүлтүккө учуратууга чакырган.
19-сентябрда Баку эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабакта «террорчуларга каршы» деп атаган операция баштап, «конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүнү» көздөп жатканын, аймактагы армян жана жикчилдердин армиясына сокку урулганын билдирген.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы «антитеррордук операция» бир күн ичинде максатына жетип, «суверендүүлүк калыбына келтирилгенин» билдирген.
Эл аралык коомчулук тааныбаган жикчил Тоолуу Карабактын де-факто омбудсмени азери аскерлеринин аткылоосунан 32 кишинин өмүрү кыйылганын 20-сентябрда эртең менен билдирген. Маалыматка караганда, курман болгондордун арасында эки бала жана беш жай тургун болуп, 200дөн ашык киши жараат алган. Айрым булактар жоготуулар мындан көп болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.
Коңшулардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. 120 миңдей этностук армян жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.
Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этностук азери жарандары жер которууга мажбур болгон.