13-мартта Армения менен Азербайжан эки өлкө ортосундагы тынчтык келишиминин долбоору боюнча макулдашты. Бул иш акыркы эки жылдан бери жүрүп келе жатат. Кол коюунун мөөнөтү азырынча белгисиз.
Бул маалыматты эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери тастыкташканын ТАСС агенттиги жазды.
Армениянын тышкы иштер министрлиги Армения менен Азербайжан мамлекеттеринин ортосунда тынчтык жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору макулдашылгандыгын, ошондой эле бул долбоорду бекитүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктагандыгын ырастайт.
Ошол эле учурда эки өлкөнүн келишимге кол коюу убактысы жана орду боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экендигин билдирди.
Ал эми Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Армениянын макулдашуунун акыркы эки макулдашылбаган пункту боюнча Азербайжан тараптын сунуштарын кабыл алганын айтты.
Февраль айынын аягында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван менен Баку тынчтык келишиминин 17 пунктунун 15и боюнча макулдашканын билдирген.
Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишими боюнча иштер 2023-жылдын күз айларында Баку Тоолуу Карабакта аскердик операция жүргүзүп, натыйжада аймак толугу менен Азербайжан тараптын көзөмөлүнө өткөндөн кийин уланууда.
Эске сала кетсек, Ереван менен Бакунун Тоолуу Карабак боюнча аймактык талашы 1980-жылдардын аягынан бери уланып келет. Калкынын көбү армяндар болгон Тоолуу Карабак автономиялуу облус катары Азербайжан ССРинин курамына кирген.
1991-жылы сентябрда “Тоолуу Карабак Республикасы” түзүлгөнү жарыяланган.
Аймактык талаш бир нече куралдуу кагылышууларды жараткан. Эки тарап макулдашкан текст узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга үмүт берери айтылууда.




















