Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи телефон аркылуу сүйлөшүп, жума күнү Стамбулда өтө турган ирандык атом маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новостиге Түркия ТИМиндеги булак билдирди.
Дүйшөмбү күнү Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Иран менен «евроүчтүк» өлкөлөрү (Улуу Британия, Франция жана Германия) жума күнү Стамбулда тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүшөрүн жарыялады.
«Бүгүн Фидан менен Аракчинин телефондук сүйлөшүүсү болду. Анда Газадагы гуманитардык кырдаал, Сириядагы окуялар жана жума күнү Стамбулда өтө турган ядролук сүйлөшүүлөр талкууланды», — деди агенттикке маек берген булак.
Аббас Аракчи 20-июнда Женевада евроүчтүк өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен атомдук программа жана Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, анын ичинде Иран-Израиль кагылышуусу боюнча сүйлөшүүгө катышкан. Бирок андан кийин АКШ Ислам Республикасынын ядролук объекттерине сокку урган.
2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция жана Иран өз ара макулдашып, Ирандын ядролук программасына чектөө коюу шарты менен санкцияларды алып салууну караган келишимге кол коюшкан. Бирок Дональд Трамптын мурунку президенттик мөөнөтүндө, 2018-жылдын май айында АКШ бул келишимден чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайра жанданткан. Буга жооп кылып, Иран келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди акырындап токтотуп, өзгөчө ядролук изилдөөлөр жана уранды байытуу деңгээли боюнча чектөөлөрдөн баш тарткан.
Иран өзүнүн атомдук программасынын аскердик максаты жок экенин белгилеп келет. МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси буга чейин агенттиктин инспекторлору Ирандын өзөктүк курал жасап жатканына эч кандай далил таппаганын билдирген. АКШнын чалгындоо органдары да Трамп жана Израиль бийлигинин дооматтарына карабастан, Иран өзөктүк курал жасоого умтулбаганын аныктаганын CNN каналы кабарлаган. Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Крейг Мюррей РИА Новостиге билдиргендей, Иран бийлиги акыркы бир нече жыл ичинде Израилдин аракеттерине карабай, өзүн сабырдуулук жана тынчтык менен алып келе алган.















