Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран эч качан Израиль менен мамилелерди нормалдаштырууга багытталган “Авраам келишимине” кошулбайт деп билдирди.
“Бул эч качан болбойт”, — деп Аракчи Иран телеканалынын эфиринде тиешелүү суроого жооп берип жатып билдирди.
Министр ошондой эле Ирандын позициясы “Авраам келишими” түзүлгөн алгачкы күндөн тартып эле так жана айкын болгонун кошумчалап, бул келишим Ирандын идеалдары менен шайкеш келбейт деп билдирди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран келечекте “Авраам келишимине” кошулушу мүмкүн деп билдирген. Анын айтымында, бул Иран үчүн олуттуу кадам болуп, өлкөгө чоң экономикалык пайда алып келмек.
2020-жылы АКШ Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга багытталган процессти баштаган. Натыйжада “Авраам тынчтык келишими” деп аталган бир катар документтерге кол коюлган.
Бул келишимге Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Марокко кошулган. Ак үйдүн өкүлдөрү Дональд Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндө дагы көптөгөн араб өлкөлөрү Израиль менен мамилелерин нормалдаштырат деген үмүттөрүн билдиришкен.


















