АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү чабуулга даярдануу үчүн шылтоо катары колдонгон болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи NBC News телеканалына берген маегинде билдирди.
«Эми баары АКШга байланыштуу — алар чынында эле дипломатиялык жол издеп жатышабы же башынан эле башка план түзүп, Иранга кол салууну көздөшкөнбү. Балким, алар үчүн сүйлөшүүлөр жөн гана калкан болгондур», — деди Аракчи.
Ал акыркы окуялардан кийин Тегеран АКШга кантип ишенсе болорун түшүнбөй калганын баса белгиледи.
«Алардын жасаганы чыныгы дипломатияга болгон чыккынчылык болду», — деп кошумчалады министр.


















