14-15-сентябрда Дохада Израилдин Катарга жасаган аба соккусун талкуулоо үчүн араб жана ислам мамлекеттеринин лидерлеринин катышуусунда чукул саммит өтөт, анын алдында бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жолугушуусу болот.
Бул тууралуу россиялык РИА Новости агенттиги Катардын QNA маалымат агенттигинен алынган маалыматка таянып жазды.
“Катар мамлекети 14-сентябрь, жекшемби күнү шашылыш араб-ислам саммитине даярдык иретинде тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун өткөрөт. Андан кийин 14–15-сентябрда Израилдин Катар мамлекетине кол салуусун талкуулоо үчүн араб-ислам саммити өтөт”, — деп айтылат билдирүүдө.
9-сентябрда Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) аскердик учактары Катардын борбору Дохада палестиналык ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү жашаган турак жайга абадан сокку жасады. Израил бийлиги операция үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алып, операцияны “Оттуу чоку” деп атады. Араб маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, чабуулдун натыйжасында ХАМАСтын төрт жогорку даражалуу жетекчиси каза болду.
Израилдин Дохага жасаган аба соккусунан кийин Катар бийлиги кескин реакция кылып, бул аракетти “кабыл алынгыс жана кылмыштуу” деп атады. Расмий Доха Израилди түз жооптуу деп жарыялап, аймактык коопсуздукка жана жарандардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаралганын баса белгиледи. Доха соккуга жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп соккудан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн айтып, бул окуяны “кайгылуу кокустук” деп атады.
Израилдин Дохага жасаган аба соккусу Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутуп гана койбостон, эл аралык коомчулуктун катуу реакциясын жаратты. Палестинадан тартып Иранга, Иорданиядан Евробиримдикке чейин бир катар мамлекеттер жана уюмдар бул кадамды эл аралык укукту бузган, аймактык коопсуздукка коркунуч туудурган аракет катары баалашты. Айрым өлкөлөр Катарды түздөн-түз колдоо даярдыгын билдирсе, башкалары Израилге кысым көрсөтүүгө чакырышты.


















