Украин бийликтери мурда мобилизациядан бошотулган 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштарды аскерге чакырууга жол ачкан мыйзам боюнча ишти дээрлик аяктап калды.
Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Павел Палиса Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Киев аскерге чакыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат, анткени советтик мезгилден мураска калган азыркы система прогресске тоскоол болууда.
Белгиленгендей, Украина аскерге чакыруу курагын 27 жаштан 25 жашка түшүргөнүнө карабастан, бул чаралар катарларды толуктоого жана согуш талаасындагы жоготууларды толуктоого тийиштуу натыйжа берген жок.
Демилгелердин бири Палиса “адилет келишим” деп атаган план. Анда финансылык стимул, окутуу кепилдиктери жана аскерлер менен алардын командирлеринин ортосундагы диалогду камсыздоо чаралары камтылган.
Бул демилге негизинен мобилизациядан бошотулган 18-25 жаштагы украиналыктарды, ошондой эле мобилизация жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин кийинкиге калтырууга укугу бар же иштен бошотулган жарандарды тартууга багытталган.
Палисанын айтымында, бул украиналыктарга мамлекетти коргоо ар бир жарандын милдети экенин эскертет жана буга байланыштуу «коом менен диалог» жүргүзүү пландаштырылууда.
Эске салсак, Киев бийлиги буга чейин мобилизациянын жашын төмөндөткөн. 2024-жылдын апрелине чейин армияга 27 жаштан 60 жашка чейинкилер чакырылса, азыр 25тен өйдө чакырылат.
Зеленский жакында эле маектеринин биринде эркектерди куралдуу күчтөргө мобилизациялоонун жаш чегин төмөндөтүүнүн эч кандай пайдасы жок экенин, анткени бул согушка тийиштүү жабдуулары жок катышкандардын санын көбөйтөт деп билдирген.




















