Амстердам полициясы жекшемби күнү Дам аянтында Палестинаны колдогон демонстрация учурунда 50дөн ашык кишини кармаганын билдирди.
Буга чейин маалымат каражаттары Амстердамдын борборунда палестиналыктарды колдогон демонстрациянын 100дөй катышуучусу кармалганын кабарлашкан.
Укук коргоо кызматкерлери ошондой эле аянттан 340 адамды алып чыгышкан.
Жекшембиде палестиналыктарды колдогон демонстранттар Амстердамдагы Дам аянтына чыгышкан. Жүздөгөн демонстранттар “Палестинага эркиндик” жана “Амстердам геноцидге жок дейт” деген ураандарды чакырышкан. Бул Израиль армиясы 2023-жылдын октябрынан бери палестиналык ХАМАС кыймылына каршы ири операция жүргүзүп жаткан Газа тилкесиндеги окуяларга каршы дагы бир нааразылык акциясы болду.
Полиция нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткен, бирок демонстранттар аянттан чыгуу чакырыгын аткарышкан эмес. Андан улам тартип сакчылары акциянын катышуучуларын кармап, автобустар менен аянттан алып чыга башташкан. Ушундан кийин Амстердам бийликтери шаарда демонстрацияларга тыюу салууну 14-ноябрга чейин узартууну чечти.
Амстердамдын мэри Фемке Халсема бейшемби күнү израилдик футбол күйөрмандарына кол салуудан кийин дем алыш күндөрү демонстрацияларга тыюу салынганын жана шаарда кошумча чаралар көрүлөрүн жарыялаган.
Амстердамда Израилдин “Маккаби” футбол клубунун күйөрмандарына бир катар чабуулдар бейшембиге караган түнү Европа Лигасынын жергиликтүү “Аякса” менен болгон беттешинен кийин болгон. Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, кол салуулардан кеминде он израилдик жараат алган.
Мунун фонунда шаар бийликтери дем алыш күндөрү Амстердамда полиция патрулдарын күчөтүп, демонстрацияларга тыюу салган.

















