Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп альпинист Кадыр Сайдилкан “7 континенттин эң бийик 7 чокусу” Эл аралык альпинистик долбоорун ийгиликтүү аяктады. Ал 31-августта долбоордун миссиясындагы жетинчи континет болгон Австралиянын эң бийик чокусу Косцюшка чокусуна чыгып, долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктаганын жарыялады.
К.Сайдилкан бул эмгегин кыргыз тилине арнады. Ошондой эле ал катышкан долбоор КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган салтанат күнү жыйынтыкталгандыктан, Кыргызстан элине биримдик каалады.
“Эгемендигибиз эч качан кемибесин! Эркиндик – бул, дүйнөдөгү эң баалуу байлык. Элибиз эркиндиктин, эгемендиктин баасын билип, барктап, бапестеп, баалай билсин! Ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошуп, Кыргыздын туусун бийик көтөрүп, Ата-Бабадан калган баалуулуктарды, каада-салтты замандын талабына ылайык, шайкеш, заманбап жашоо менен жуурулуштуруп, дүйнө элинин арасында өзүнүн татыктуу оордун таап, алдыңкы, эзелкидей Улуу Эл болсун!”, – деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Кошумчалай кетсек, Кадыр Сайдилкан “7 континенттин эң бийик 7 чокусу” Эл аралык альпинистик долбоорун 2021-жылдын 1-январында баштаган. Анын алкагында, жети континенттин эң бийик кыл чокуларын багындырды. Ошондой эле дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверестке да чыгып түштү.