22нен 23-январга караган түнү Алматынын жашоочулары каттуу жер титирөөнү сезишти. Адамдар үйлөрүнөн шашылып сыртка качып чынышты. Айрымдар тапичкечен, сырткы кийимин да кийбестен көчөнү карай чуркап жөнөштү. Кийимин өзү менен көтөрө чыккандар сыртта кардын үстүндө жылаң аяк туруп алып кийиништи. Шаардан чыга бериште тыгын жаралып, май куючу жайларда машиналардын узун кезеги түзүлгөн. Анткени жашоочулар кайрадан жер титирөө болушунан коркуп, шаардан чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Январдын каргашалуу түнү тууралуу Tengrinews.kz. сайты репортаж жарыялаган.
Алматанын жашоочулары алгачкы жердин силкинүүсүн түн ортосуна жакын сезишкен. Алматалыктардын смартфонундагы маалымат берүү кызматы жердин силкинүүсүнүн болжолдуу магнитудасы 6,2 баалды түзгөндүгүн билдирген.
Адамдар шашылыш үйлөрүн таштап, көчөгө качып чыгышты. Айрымдар болгону үстүнө курткасын илгенге араң үлгүрүшкөн.
Кимдир-бирөөлөр үйдөн сырткы кийимсиз чуркап чыгышты.
Ал тургай айрымдары квартирасынан чемоданын көтөрүп чыгышты. Өз кезегинде полиция алматалыктарды үйүн таштап кетип жатып, эшикти жабууну унутпоого чакырды.
Алмата өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:09да катталган.
“Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алматадан түштүк-чыгыш тараптан 264-километрде катталган.
Жердин силкинүүсү: Алмата – 5 балл, Шымкент – 2 балл”, – деп айтылат маалыматта.
Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары көпкө чейин үйүлөрүнө келбей коркуп жүрүштү. Көпчүлүгү жер үйдө жашаган туугандарыныкына барышты.
Ошондой эле алматалыктар үй-жайы жок калган адамдардын баш калкалоочу кабыл алуу пунктуна жөнөштү.
Бирок шаардын айрым жашоочулары баардык эле үй-жайсыздардын кабыл алуу пункту ачык эмес экендигине, күзөт кызматы эшикти ачпай койгондугуна арызданышкан.
Өткөн түнү алматалыктар жердин үч ирет силкинүүсүн сезишкен.
Tengrinews.kz сайтынын маалыматы боюнча, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурда пландаштырылган командировка боюнча 24-25-январда Алматага барарын жазды.

















