Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы учурдагы президент Александр Лукашенкону президенттикке талапкер катары каттады. Бул тууралуу өлкөнүн БШКсынын Telegram каналында айтылат.
Маалыматка ылайык, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Олег Гайдукевич, Республикалык Эмгек жана адилеттик партиясынын лидери Александр Хижняк, Беларусь Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Сергей Сыранков жана Анна Канопатская президенттикке талапкерлигин коюшкан. Анна Канопатская бир дагы партиянын мүчөлүгүндө жок.
Ал эми Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылы өтө турган президентти шайлоо үчүн бюллетендин формасын түзүп, текстин бекитти. БШК төрагасы Карпенко Игорь Васильевич президенттикке талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү тапшырды.
Эске сала кетсек, А. Лукашенко президенттикке талапкер катары жетинчи жолу катталды. Айрым маалыматтарга караганда, аны колдоо үчүн демилгелүү топ 2 миллион 518 миң 145 кол топтоду.
А. Лукашенко биринчи жолу 1994-жылы президенттик кызматка киришип, андан кийин бир нече жолу кайра шайланган. Эми анын алтынчы президенттик мөөнөтү аяктап баратат.
2020-жылы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөдө Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган массалык нааразылык акциялары өткөн.

















