“Ала-Тоо” аянтындагы Ардак кароолдун кабинасы реконструкцияланарын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КРнын Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен Бишкек шаарынын мэриясына кайрылган.
Ал бүгүнкү күндө орнотулган кабина эскириип, гербдин сүрөтү өчүп жаткандыгын айткан.
Мындан улам “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган.
Бирок, катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес. Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасында ыкчам тартипте Ала-Тоо аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты.
Ардактуу кароолдун кабинасынын жаңы дизайны


















