“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.
“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгиледи ал.
Жапаров ошондой эле 2022-жылы президенттин Жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.
“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын, жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.
Ал “Чабан”, “Караш ашуусундагы атышуу”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Ак кеме”, “Адамдардын арасында”, “Эрте жаздагы каркыралар”, “Бөрү зындан”,”Снайперлер”, “Фудзиямага чыгуу” тасмаларын тарткан.