Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль утту.
Муну менен Кыргызстандын капчыгында азырынча Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар.
Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков коло байге алса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынган.
Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти.
Спортчу 1/8 финалда америкалык Камал Бейди 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев аттуу балбанга 1:3 эсебинде жеңилип, жарым финалга чыга албай калган. Бирок казакстандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньоз Куэрону 9:0 ири эсебинде артта калтырган.
Ошону менен Акжол Махмудовдун медалы Кыргызстандын курама командасы үчүн Париждеги жайкы Олимп оюндарындагы үчүнчү болуп калды.
Ал эми 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болуп, Кыргызстандын капчыгына төртүнчү медаль алып келди.
Ал үчүнчү орун үчүн беттеште египеттик Мохаммед Габр менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди.
Жусупбеков бул мелдеште 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда литвалык Миндаугас Венцкаитисти 5:1 эсебинде жеңген. 1/4 финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 0:8 эсебинде жеңилүү ызаасын тартып калган. Кийин ирандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыккан. Анда америкалык Жозеф Патрик Руа аттуу спортчуну 9:4 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган.
Ушуну менен Үзүр Жусупбековдун байгеси XXXIII жайкы Олимп оюндарындагы Кыргызстандын төртүнчү байгеси.
Бүгүн, 8-августта Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан 3 спортчу чыгат.
Амантур Исмаилов 67 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттешинин (биринчи раунд) өткөрөт.
Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде биринчи кармашка чыгат.
9-августка караган түнү бокс боюнча мелдештер башталат. Анда ата мекендик мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.



















