Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанда экономикалык өсүш жаңы деңгээлге чыкканын айтты.
Бул тууралуу ал администрациянын кызматкерлери менен өткөргөн кеңейтилген жыйында билдиргенин өкмөттүн сайты кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык түзүмдүк бөлүмдөдүн координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал администрациянын ишинин негизги аспектилерине токтолуп, мыйзамды так сактоонун жана аткарылган иш үчүн жогорку жоопкерчиликтин зарылдыгына токтолду.
“2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт. Дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү”,- деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстан акырындык менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка “лигасына” өтүп бара жатканын, ошого жараша эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү да сөзсүз түрдө өзгөрөрүн кошумчалады.
МинКаб төрагасы өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ доллары) түзүп, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору экенин белгиледи.
Ал ошондой эле адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөнүн кошумчалады.


















