NBC News маалымат агенттигинин баяндамасына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы акыркы кагылышуулардын алгачкы күндөрүндө Иран тарабынан жасалган соккулар Перс булуңундагы АКШнын коргонуу системаларында олуттуу боштук бар экенин көрсөттү.
Маалыматка караганда, Northrop F-5 үлгүсүндөгү ирандык согуштук учак Кувейттеги Camp Buehring базасын заманбап абадан коргонуу системаларына карабастан бутага алган. АКШнын расмий өкүлдөрү бул окуяны акыркы жылдардагы сейрек кездешкен коргонуунун бузулушу катары баалашты.
Докладда ошондой эле Ирандын чабуулдарында келтирилген зыяндын көлөмү мурда расмий айтылгандан кыйла чоң экени белгиленет. АКШ өкмөтүндөгү жана Конгресстеги булактардын айтымында, Перс булуңундагы америкалык аскердик инфраструктура олуттуу зыян тарткан жана аны калыбына келтирүү чыгымы бир нече миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Бул чабуулдар чектелген объекттер менен гана чектелбестен, маанилүү операциялык инфраструктураларды да камтыган. Алардын ичинде курал сактоочу кампалар, башкаруу борборлору жана учак ангарлары бар. Мындан тышкары, спутниктик байланыш системалары, учуу-конуу тилкелери жана алдыңкы радар системалары да зыянга учураган. Ондогон учактар да жабыркаган.
Буга чейин март айынын аягында New York Times гезити да Ирандын чабуулдары Жакынкы Чыгыштагы АКШ базаларына олуттуу зыян келтиргенин жазган. Бул жагдай америкалык күчтөрдү айрым операцияларды алыстан башкарууга мажбур кылган.
АКШ өкүлдөрү белгилегендей, чабуулдар атайын маанилүү объекттерге багытталып, чалгындоо, камсыздоо жана башкаруу инфраструктураларына олуттуу зыян келтирген. Бул зыянды калыбына келтирүү көп убакытты жана ресурстарды талап кылат.


















